Жаңы дайындалган министрлер ант берди

Жаңы дайындалган министрлер ант берди

Жаңы дайындалган министрлер бүгүн, 31-январда, Жогорку Кеңеште ант беришти.

Алар— Транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов менен Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева. 

Жаңы министрлердин ант берүү аземине президент Сооронбай Жээнбеков катышты.

Жанат Бейшенов мурдагы министри Жамшитбек Калиловдун ордуна дайындалды. Калиловдун орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара менен кармалганы белгилүү. Жаңы дайындалган министрлер ант берди

Бактыгүл Жээнбаева Адылбек Касымалиевдин ордуна мнистр болуп  дайындалган.

Президент Сооронбай Жээнбеков жаңы дайындалган министрлерге ийгилик каалады жана бийликтин үч бутагы эриш-аркак иштесе, ийгилик болоруна ишенимин билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты