Депутат Келдибаев: «Милициянын кадыры кетти”

Депутат Келдибаев: «Милициянын кадыры кетти”Милиция кызматкерлери катышкан кылмыштардын саны арбыды. Мас абалында авария жасап, анын кесепетинен адамдар каза болууда. Милиция кызматкерлери зордуктаганы жөнүндө маалыматтар чыгууда, пара алып кармалгандар четтен чыгат деп айтты Сагындык Келдибаев Жогорку Кеӊештин 31-январдагы жыйынында. 

“Мурда милиция кызматкерлери жумушка кылдат текшерүүдөн өткөндөн кийин кабыл алынчу, азыр андай болбой калды. Ички иштер органдарында көчөдөн келген кызматкерлер көбөйүп кеткени көрүнүп турат. Милициянын аброю түштү, кадыры кетти. Менимче, ички иштер органдарында тереӊ реформаларды жүргүзүп, кызматкерлерди тандоо ишин жакшыртпаса болбойт”. — деди Келдибаев ЖК жыйынында.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты