Жаан карга айланат

Жаан карга айланатКыргызстанда 31-январда түнкүсүн жана күндүз жаан жаап, карга айланат. 

Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо, Ысык-Көл облусунда жана өрөөндөрдө кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө- түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5;

Таласта- түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5;

Ош, Жалал-Абад, Баткенде- түнкүсүн -3…+2, күндүз 0…5;

Ысык-Көлдө- түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5;

Нарында- түнкүсүн -18…-23, күндүз -5…-10 градус болот.

Суусамыр өрөөнүндө  түнкүсүн -28…-33, күндүз -13…-18 градуска чейин төмөндөйт.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -28…-33, күндүз -5…-10 градус суук болот.

Бишкекте жаан карга айланат.  Абанын түнкү температурасы -1…-3° суук, күндүзгү температурасы 1…3° болот.

Сүрөт:Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты