Абылгазиев: «Тоо кен ишканасын түзүү каралып жатат»

Абылгазиев: "Тоо кен ишканасын түзүү каралып жатат"Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Коопсуздук кеңешинин 30-январдагы жыйынында тоо кен ишканасын түзүү каралып жаткандыгын билдирди .

Мамлекеттик тоо кен ишканасын түзүү маселеси каралып жатат.

«Кумтөр» алтын кенинин запасы азайгандыгына байланыштуу Өкмөт экономиканын башка тармактарын өнүктүрүүнүн үстүндө иштеп жатат.

«2018-жылы Ички дүң продукциясыын көлөмүнүн өсүшү биринчи жолу Кумтөрдү кошпогондо 3,5%га чыкты. Өндүрүштүн өсүшү экономиканын башка секторлорунан камсыз кылынды. Бул атамекендик экономиканын «Кумтөрдөн» болгон көз карандылыгынын азайышынын биринчи кадамдары», – деди Премьер-министр.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык кызматы билдирди.

Сүрөт: Өкмөттүн маалыматтык кызматыныкы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты