Карындаш, кирпигиңиз 2Dбы  же 3Dбы?

Карындаш, кирпигиңиз 2Dбы  же 3Dбы?

Биз, жигиттер, көчөдөн көрсөк негедир кыздардын дээрлик баарынын кирпиктери жибек болуп, кайрылып, кайкалап калганын көрөбүз. Мен мунун сырын иликтеп көрөйүн деп, кыз-келиндер салонуна баш бактым. Көрсө “Курама темир курч болот” дегендей, кыздардын кирпиги улама болуп калыптыр. Анда, кыздар, силерге жибек кирпик, кундуз кирпик же киш кирпик жагабы…

Улама кирпик узакка чыдайбы?

Адистер жасалма кирпик өзүңдүн кирпигиң түшкөндө кошо түшүп турарын айтышат, ошондуктан улама кирпикти улам жаңыртып туруш керек. Эгер организмде витамин жетишпесе же стресске кабылса, туура эмес пайдаланса, улама кирпик көпкө чыдабай түшүп каларын эске салышат.

Улама кирпиктен аллергия болуу коркунучу жокко эсе, себеби кирпик териге эмес, өзүңдүн кирпигиң башталган тушка жабыштырылат. Кээ бир учурларда пайдаланылган желимге (клей) аллергия болушу мүмкүн. Тажрыйбалуу кирпик улоочу алгачкы кирпикти улагандан кийин бир аз убакыт күтүп, организм кандай кабыл алаарын карап турат экен. Ошондуктан көпчүлүк адистер аллергия кылбай турган желимди пайдаланышат.

Жибек кирпик, кундуз кирпик…

Карындаш, кирпигиңиз 2Dбы  же 3Dбы?

Улаган кирпикти боёсо болот, бирок  жасалма кирпиктин өзү эле калың жана кара болуп тургандыктан, боёгондун зарылчылыгы деле жок. Мыкты адистер кирпик улоочу материалдарды кылдат талдап, кирпиктин узундугу, калыңдыгы, кайрылышы, түсү боюнча туура тандайт. Улаган кирпиктин узундугу 4-20 мм, калыңдыгы 0,07-0,30 мм келет.

Улаган кирпик “жибек”, “норка” жана “киш” (соболь) деп бөлүнөт.

“Жибек” кирпиктер — абдан ичке, анын калыңдыгы 0,07-0,14 мм болуп, табигый кирпикке жакын келет.

“Норка” кирпик — узунураак, ачык түстө, жылмакай. Калыңдыгы 0.15-0,20 мм. Боёлгон кирпикке же кечеге барганда боёнгонго окшошуп кетет.

“Киш” (соболь)  кирпик — калыңдыгы 0,21-0,30 мм келип, калың жана жылма, калың кирпиктүүлөргө ылайык келет. Кыз-келиндердин ажарын ачат, бирок ал “жибек” же “норка” кирпиктерге караганда тезирээк түшүп калат.

Кирпик улоодон тышкары жасалма кирпик да жабыштырып алса болот.

Карындаш, кирпигиңиз 2Dбы  же 3Dбы?Кайрылган кирпик

J – бир аз гана кайрылган болот, табигый кирпиктерге жакын;

B – жибек кирпиктен дагы бир аз кайрылган болот;

C –орточо кайрылган болуп, ал көздү чоңураак көрсөтөт;

CC, D – абдан кайрылып турат, көзгө дароо чалдыгат.

Улама кирпиктин түрлөрү

Жарымынан улоо, толук улоо, эки эсе улоо, 2D, 3D, 4D.

Улама кирпиктин артыкчылыгы

  1. Күнүгө кирпикти боёп олтурбай, убакытты үнөмдөйт. Кечинде да боёкту кетиргенге убакыт коробойт.
  2. Көз боёк, тушь сатып алган каражат үнөмдөлөт.
  3. Боёк көздүн тушун булгап койду деп кабатырланбастан, спорт менен машыгып, сууда сүзүп жүрө берүүгө болот.
  4. Күндүр-түндүр келишимдүү болуп жүрүү шарты.
  5. Ар кандай түстөгү кирпиктүү болуу ыңгайы.

 

Карындаш, кирпигиңиз 2Dбы  же 3Dбы?Жазира Какиева, “Мадина” сулуулук салонунун лэшмейкери:

Ар бир аялзаты узун, кайрылган кирпикке ээ болууну самайт. Жаратылыштан кээ бир кыздарга узун, жарашыктуу кирпик буюрса, кээ бирлерине кыска, суюк кирпик буюруптур. Ошол идеалдуу кирпикке ээ болууга кирпик улоо ыкмасы жардамга келет.  Кирпикти кандай ыкмалар менен өстүрүүгө болорун, ага кам көрүүнүн жолдору туурасында “Мадина” сулуулук салонуна баш бактым.

— Жазира айым, айтсаңыз, жасалма кирпик өстүрүүдө кандай ыкмалар колдонулат?

—Кирпик ар бир аялзатына жагымдуу көз караш тартуулайт эмеспи. Андыктан кээ бир кыздар, эжелерибиз же апаларыбыз өзүнүн келбетин өзгөртүүнү каалап же болбосо  көркүнө көрк кошуу максатында бизге көп кайрылышат. Жасалма кирпик өстүрүүнүн эки ыкмасы бар: биринчиси – чогултуп (тутамдап) жасоо ыкмасы, экинчиси — ар бир кирпик менен иштөө. Биринчиси — арзаныраак болот. Аты айткандай эле, бул жерде бир кирпикке улана турган каражатты тутамы менен алып чаптайт. Жумушу бат бүтөт, бир сааттын ичинде эле кардар көлөмдүү, калың, узун кирпикке ээ боло алат. Мындай кирпиктерди кечеге барарда, майрамдарда жасаса болот, келгенде оңой алып таштаганга жакшы. Ал эми экинчи түрү болсо  узакка кармалат. Ар бир кирпикке убакыт бөлүнүп, жумушу татаалыраак жана майда, көп убакытты талап кылат, табигый кирпикке окшоштурулуп жасалат. Көбүнчө кардарлар көлөм берүүчү (голливуддук) жана классикалык ыкманы тандашат. Көлөм берүүчү ыкмада кирпикке бир эмес, бир канча жасалма каражаттар уланат. Мындай ыкманын 2D, 3D, 4D, 5D деген түрлөрү бар, бирок 4D, 5D, 6Dсын кардарлар сейрек суранышат. Булар аябай узун жана ыңгайсыздык жаратат.

— Кандай материалдарды колдоносуз жана алар канчага чейин чыдайт?

— Мен корей кирпиктерин жана клейин колдоном. Алар сапаттуу жана аллергия кылбайт. Улама кирпикти туура күтсө, алар бир жарым-эки айга чейин жүрө берет. Жасалма кирпиктин калыңдыгы 0,1-0,25 миллиметр, ал эми узундугу 6-15 миллиметрге чейин болот. Эң эле ыңгайлуусу – 8, 10, 12 миллиметр.

— Кайрылган бардык эле кардарга кирпик уласа болобу же чектөөлөр барбы?

—  Мен, биринчиден, келген кардардан өнөкөт конъюнктивит оорусу бар-жогун сурап алам. Эгер бар болсо көзү кызарып, оорусун күчөтүп алуусу мүмкүн экенин эскертем. Эгер кирпиги кыска жана суюк болсо, 2D, 3D, 4D түрлөрүн сунуштабайм. Себеби көтөрө албайт. Бото көз айымдарга узун кирпик жарашпайт. Кардардын алдында жүзүм жарык болуш үчүн мен бардык оң жана терс жактарын айтып туруп, анан жумушума киришем. Азыркы кирпиктер жеңил болгондуктан кандай ыкмада чапталганына карабай, улаган кирпик табигый кирпиктей эле болуп калат.

— Бааларына токтоло кетсеңиз…

— Орто эсеп менен 800 сомдон үч миң сомго чейин.

— Кирпикке кандай кам көрүш керек?

— Кирпик өтө назик болот, ушалап салса формасы бузулуп, түшүп калышы мүмкүн. Мончо, саунага түшүүгө болбойт деп ойлошот кээ бирөөлөр. Болот, бирок көздүн тегерегин этияттык менен жууш керек. Макияжды кетиргенде лосьон колдонуу туура.

Маектешкен Ильяс Анарбай уулу

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты