Милиция кызматкерлеринин катышуусундагы жол кырсыктары көбөйдү. Себеби эмнеде?
- 6 лет мурун
- Блог
29-январь күнү Сокулук районунун Новопавловка айылында милиция кызматкери 11 жаштагы баланы сүзүп кеткен. Бала ошол жерден каза болду. Чүй ОИИББи окуя боюнча сотко чейин иликтөө иштерин жүргүзүлүп жаткандыгын билдирген. Тилекке каршы, акыркы күндөрү милиция кызматкерлеринин катышуусу менен жол кырсыгы байма-бай катталып келет. «ПолитКлиника» медиасы анын себебин иликтеп көрдү.
21-январга караган түнү 7-Апрель жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде Mercedes-Benz менен Toyota Avensis автоунаалары кагышкан. Кырсыктын кесепетинен Toyota Avensis үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүсү, 34 жаштагы аял каза болгон. Ал буга чейин ӨКМде иштеп келген. Ал эми Mercedes автоунаасын Октябрь РИИБинин 26 жаштагы кызматкери айдап бараткан. Экпертизанын жыйынтыгында жол инспектору мас абалында унаа башкарганы аныкталган.
2018-жылдын 3-декабрында Ысык-Ата районунда Торугарт-Бишкек жолунда 18 жашар баланы сүзүп кеткен адам качып кеткен. Аталган иш боюнча 5-декабрда Ак-суу райондук ички иштер бөлүмүнүн жол коопсуздугун камсыз кылуу кызматынын жетекчиси кармалган. Ал күнөөсүн мойнуна алды.
Жолдогу мыйзам бузууларды коомчулукка чыгарып жүргөн белгилүү жарандык активист Болот Ибрагимов өзүнүн блогунда жол кырсыгына алып келген милиция кызматкерлер тууралуу төмөнкүлөрдү жазган.
“Мас абалында рулга отурган кызматкерди жоопкерчиликке тартуу керек. Керек болсо өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратуу керек. Бир гана ушундай жол менен тартипти орнотууга болот. Ал эми колония-поселение, шартуу мөөнөттөр, “кызыл карточкалар”-дагы көптөгөн өлүмдөргө себепчи болот. Германияда мындай учурда эмне кылышат? Жакында эле жол кырсыгына себепчи болгон эки стритрейсерлерди өмүр бою эркинен ажыратуу чечими чуккан. Жол кырсыктын кесепетинде бир жаран каза болгон экен”,-деп жазган активист.
Алар мыйзам алдында жооп беришет
Аталган иштердин жыйынтыгы жана милиция кызматкерлеринин жоопкерчилигин арттыруу боюнча кандай иш-чаралар жүргүзүлүп жаткандыгын билүү боюнча ИИМдин маалымат-кызматына байланыштык. ИИМден билдиришкендей, учурда кызматкерлердин тартибин күчөтүү жана алдыда мындай окуяларга жол бербөө үчүн катуу иш чаралар жүргүзүлүп жаткандыгын билдиришти.
“Мас абалында унаа башкарып жол кырсыгына алып келген кызматкер кызматтан алынды. Анткени, ал мас абалында гана унаа башкарбастан, жол кырсыгына алып келип, адам каза болуп жатат. Ал учурда— ооруканада. Жанына конвой коюлган. Өзүнө келгенден кийин соту болуп, мыйзам алдында жооп берет. Ар бир факты боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Тартипти бекемдөөгө багытталган, мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаган кызматкерлерди аныктоо жана аларга бөгөт коюу боюнча көптөгөн иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. 29-январда болгон окуя боюнча айта кетсек, иликтөө иштери болуп жатат. Окуя кандайча болгон? Катуу ылдамдыкта айдаганбы? Экспертиза аркылуу аныкталат. Ал боюнча маалыматтар алдыда берилет. Кызматкерлердин тартиби алсырап кетти дегенге болбойт. Булар эле эмес, дагы башка фактылар бар. Тартипти бузган ар бир кызматкер мыйзам алдында жооп берет. Алдыда мындай окуяларга жол берегенге арыкеттер жасалат”,-деп билдиришти ИИМден.
Милиция кызматкерлери “корочкаларына” ишенишет
Жол кырсыктарын азайтуу боюнча демилгечи топтун мүчөсү, жарандык активист Зарина Чекирбаева мамлекеттик органдарда иштегендер өздөрүнүн кызмат ордуна ишенип, жол эрежерин бузуп жатышкандыгын айтат.
“Жол кырсыктарын азайтуу боюнча демилгени былтыры эки окуучуну сүзүп кеткенден кийин көтөрүп баштаганбыз. Анда коопсуздук кеңеши менен биргеликте документ иштеп чыкканбыз. Анын ичинде “Коопсуз шаар” бар болчу. Алар боюнча документтердин баары жазылып, даяр болон. Бирок, тилекке каршы иш жүзүндө эч бири иштей элек. Азыр, аябай жаман көрүнүш болуп жатат. Жол кырсыктарынын саны көбөйгөнү аз келгенсип, милиция кызматкерлери дагы көп кырсыктарга себепкер болуп жатышат. Анын негизги себеби, баягы эле жазалабй коюу. Жол кырсыгына себепкер болгон, өзгөчө коопсуздук органдарында иштеген кызматкерлерди жоопкерчиликке тартуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлбөй жатпайбы. Аны алдын- алуу үчүн биринчиден “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу керек. Анкени, азыр ар бир айдоочу “Мен жол эрежесин бузсам, мени эч ким көрбөйт, жазалабайт” деп ойлойт. Айып пул көтөрүлдү, бирок ал көп жыйынтык бербейт. Андан сырткары, айдоочуларды жоопкерчиликке тартуу керек. Ал эми милиция кызматкерлери көбүнчө өздөрүнүн “корочкаларына” ишенишет да. Милиция кызматкерлери эле эмес, аларга кошулуп Баш прокуратуранын, Жогорку Кеңештин, министрликтердин айдоочулары болуп жатпайбы. Алар көп жерден кызматына таянышып, “Бир телефон чалуу менен чечип алабыз” деп жол эрежесин аябай бузушат”,-дейт активист.
2017-жылкы Статистикалык маалыматтар боюнча акыркы 10 жылдын ичинде Кыргызстанда орто эсеп менен 12 миң киши каза болсо, алардын 958 балдар болгон.
Ырысбү Кылычбек кызы.