«Саламаттык сактоо министри 82 миң долларлык машина минет» дейт депутат
- 5 лет мурун
- Блог
Жогорку Кеңеш депутаты Абдувахап Нурбаев Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин 82 миң долларлык жолтандабас машина минип жүргөнүн 30-январдагы ЖК жыйынында сынга алды.
—Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 82 миң долларлык машинеде жүрөт. Бул Дүйнөлүк банктын акчасы, жакынкы келечекте эл төлөй турган насыя. Министрдин мындай кымбат автоунаа минип жүрүүгө кандай укугу бар? — деди депутат.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!