Жээнбеков: “Кенге лицензия берүүдө алып сатарлыкка жол берилип келген”

Жээнбеков: “Кенге лицензия берүүдө алып сатарлыкка жол берилип келген”Бүгүн, 30-январда, Коопсуздук Кеңешинин жыйынында  «Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» маселе каралып жатат. Анда Президент Сооронбай Жээнбеков буларга токтолду.  

Жергиликтүү бийлик кимге лицензия берилгенин билбей калат

«Жергиликтүү бийлик көп учурда кайсы инвесторго кен иштетүүгө лицензия берилип жатканын билбей калат. Натыйжада, калкка түшүндүрүү иштери жүрмөк тургай, жергиликтүү бийлик ошол аймакка инвестиция салууга келген инвестор менен да иштиктүү мамиле түзө албай калган учурлар көп. Мындай өз ара кызматташуунун жоктугу инвестициялык климатка да, жергиликтүү калктын маанайына да терс таасирин тийгизүүдө», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал белгилегендей, Кен чыккан жерлерди иштетүүгө лицензия берүү маселеси —  бул чөйрөдөгү эӊ актуалдуу маселенин бири. Эгемендикти алган жылдардан бери жер казынасын пайдалануу укугуна ээлик кылуучу  лицензиялардын жалпы саны 2 571. Алтын кени чыккан жерлердин  дээрлик баардыгына геологиялык изилдөө жана аны өздөштүрүү үчүн жеке компанияларга уруксат берилген. Бирок, кен чыккан жерлерге уруксат берүүдө, көп учурда, мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыктары эске алынган эмес. Тескерисинче, тар чөйрөнүн, айрым таасирдүү топтордун кызыкчылыктарын коргоо басымдуу болуп кеткен. Анын айынан лицензия берилип, бирок, кен чыккан жерлер өздөштүрүлбөй турган жагдай түзүлдү.

«Жылдан жылга колдо жүргөн лицензиялардын саны өсүшү байкалууда. Бул тармакта кадимки эле алып сатарлыкка жол берилип келген. Жолун тапкандар, коррупциялык схемалар менен лицензияларды алышып, алып-сатарлык баада сатып келишкен, же аны кийин кымбат баада сатуу үчүн өзүндө кармап жатышат.

Ошол үчүн мен 2018-жылы лицензия берүүнү кылдат анализдеп, инвентаризация кылууну  тапшырдым. Мунун жыйынтыгында биз ачык-айкындыкка жетишебиз. Бирок, лицензияны кармап калуу үчүн киргизилген төлөм абалды жакшыртууга жардам берген жок. Кенди иштеткенге караганда лицензияны кармап калуу үчүн акы төлөө оңой болууда», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Инвестицияга коррупциялык лицензия берүү тоскоол болууда

Мамлекет башчы тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүүгө жана кошумча инвестицияларды  тартууга мына ушул, коррупциялык түрдө лицензия берүү практикасы тоскоол болуп жатканын жана тез арада тиешелүү мыйзамдарга кен иштетүү тармагында ачыктык, адилеттик, таза атаандаштыкты камсыз кылууга зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын, ал өзгөртүүлөр өлкөнүн инвестициялык климатын оңдоого, инвесторлорго жагымдуу шарттады түзүүгө багытталышы керек экенин белгиледи.

Президент кен пайдалануу маселелерин тескеген Мамлекеттик комитеттин ишине коррупция канчалык терең сиңип кеткенин далилдеген фактыны келтирди.

Ал айткандай, 2009-жылдан 2018-жылдар аралыгында бул мамлекеттик органдын беш төрагасына карата кызматтык жана коррупциялык кылмыштарды жасоо боюнча жазык иштери козголгон. Акыркы 8 жылдын ичинде бул Мамлекеттик комитеттин кызмат адамдарына жана жеке ишкерлерге карата жүзгө жакын кылмыш иши козголгон. Булардын басымдуу көрчүлүгү — коррупцияга малынып, элдин ырыскысына кол салгандар.

Жоопкер тарапты аныктоо чечими кабыл алынышы керек

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Эл аралык стандарттар боюнча аккредитацияланган компаниялардын сыноо-текшерүү милдеттерин аныктоого байланышкан жагдайга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

«Атап айтсак, баалуу металлдардын курамын аныктоочу үлгүнү (проба) бир компания алат.  Ал эми лабораториялык изилдөөлөрдү башка компания жүргүзөт. Мындай эки тараптуулук жоопкерчиликти алчу тарапты так аныктабайт. Ошондуктан, Өкмөт бул жагдайды жоюу үчүн тийиштүү чечимдерди кабыл алышы керек», — деп баса белгиледи Президент.

Ал айрым өлкөлөрдө тоо-кен казып алуу тармагы боюнча салыктар 15тен 50 пайызга чейинки өлчөмдү түзөөрүн белгиледи. Ал эми Кыргызстанда  салык жүгү — орточо эсеп менен болгону 8-10 пайызды түзөт.

«Албетте, бул кырдаалды өзгөртүү керек», — деди амлекет башчысы.

Ал чын дилинен биздин экономикага каражат салып, кенди иштетүү тармагына келүүнү каалаган ниети таза инвестор үчүн тоскоолдуктардын болуп жатканын белгиледи.  Айрым учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары али ишин баштай элек чет элдик компаниядан мүмкүн болушунча көп пайда алууну  көздөйт. «Буга Макмал кенинин тегерегиндеги иштер ачык далил болот. Жыйынтыгында жергиликтүү эл азабын тартып, ал эми провокаторлор „суудан кургак чыгышып“, жоопкерчиликке тартылбай калып жатышат. Мындай кырдаалдын келип чыгышынын себеби — аткаруу бийлиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калктын арасында жетиштүү деңгээлде түшүндүрүү иштерин жүргүзө алган эмес», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Укук коргоо органдарынын да кемчилиги бар

Ал белгилегендей, Укук коргоо органдарынын да кемчилиги бар. Алар провокаторлорду, акциялардын чыныгы уюштуруучуларын  аныктоо жана бөгөт коюу иштерин талап кылынган деңгээлде аткарган эмес. Мындай абалды алдын алуу, болтурбоо жана жоюу боюнча чаралар ыкчам кабыл алынып, кырдаал көзөмөлдөн чыкпашы керек.  Болбосо, бийлик органдарын элге жаман көрсөтүү, инвестициялык климатты бузуу, инвесторлорду чочутуу аракети улана берет. Башкы прокуратура мына ушундай кырдаалды жаратчу маселелерди калыс жана кылдат иликтеш керек.

Соттук процесстер  жөнүндө

Мамлекет башчысы ошондой эле соттук процесстер жөнүндө  айтты.

Ал жер казынасын пайдалануу маселелерине байланыштуу иштер боюнча сот практикасы бири бирине каршы келип, бир тараптуу болбой, көп суроолорду жаратып жатканын белгиледи. Бирдей эле фактылар боюнча окшош доо талаптарын кароодо соттор бири бирине такыр карама-каршы чечимдерди чыгарган учурлар бар. Мындай фактылар сот өндүрүшүндө укук колдонуу практикасынын жоктугун жана мыйзамдын ченемдерин бир мааниде чечмелөөнүн болбогондугун көрсөтүп турат.

«Соттор укук колдонуу практикасын изилдеп, талаптагыдай түшүндүрмөлөрдү бериши керек деп эсептеймин. Бүгүн биз жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү чечүү жолдорун табышыбыз керек», — деп сөзүн жыйынтыктады мамлекет башчы.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты