Токмокто атышкандардын дагы бири ооруканага жаткырылды

Токмокто атышкандардын дагы бири ооруканага жаткырылды

Пресс-конференцияда.

Укук коргоо органдары билдиргендей, Токмокто чек арага жакын жерде  атышкандардын арасындагы Аскат Үсөнов кармалды жана суракка алынды.

Жактоочунун  ходатайствосу боюнча Үсөнов ооруканага жаткырылды.

Айта кетсек, 25-январдагы Токмокто атышуу тууралуу биринчи болуп журналисттер жазып чыгып, 29-январда пресс-конференцияда Чүй облустук ИИБ башчысы Самат Курманкулов андай окуя болгондугун тастыктаган.

Ал окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси, “Бейбаштык” боюнча иш козголгон. 25-январда «Бейбаштык» беренеси менен Кылмыш менен жоруктарды каттоо  Бирдиктүү реестрине киргизилген.

Айта кетсек, күйүүчү майды  контрабандалык жол менен ташыганы айтылып жаткан Дастан менен Кубан деген жарандар  бул “ишке” жаңы келген Бахтияр,  Аскат деген адамдарга кысым көрсөткөн. Токмоктогу атышуу тууралуу шилтемеде:

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты