Жээнбеков: «Тоо-кен тармагындагы маселелерге тийиштүү көңүл бурулган эмес»

Жээнбеков: "Тоо-кен тармагындагы маселелерге тийиштүү көңүл бурулган эмес"Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-январда, Коопсуздук Кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүүдө. Анда Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө маселе каралып жатат.

Мамлекет башчы жыйында тоо-кен тармагы мамлекеттин көзөмөлүнөн чыгып калганын билдирди.

— Бул тармактан жылына 12 млрд. сом акча түшөт, Ички дүң продукциянын  8 пайызын, өндүрүштүн 44 пайызын түзөт.

Тоо-кен тармагындагы маселелерге тийиштүү көңүл бурулган эмес, мамлекеттин көзөмөлүнөн чыгып калган. Мындан улам курч маселелер жаралды.

Уруксат берүү системасында тамырлашып кеткен коррупция бар. Экологияны коргоо көңүл сыртында калган. Жергиликтүү калктын каршылык маанайлары жаралды, — деди президент Жээнбеков.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты