Асема Токтобекова, актриса, режиссер: «Хадижа өлбөшү керек болчу»

Асема Токтобекова, актриса, режиссер: «Хадижа өлбөшү керек болчу»

Ырчы жана актриса катары элге таанылып, эми тасма талаасындагы режиссёрлук түйшүктү көтөрүп келаткан Асема Токтобекова менен чыгармачылыгы жана тасма тартуу учурундагы кырсык тууралуу маектештик. 


— Асема, чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар болуп атат?

— Азыр кино тартып бүттүм. Кээ бир чыгармачыл адамдар кинону кезекке коесунбу же кайсы убакта бүтөт, канча күн калды деп сурай беришет. Негизи ар бир нерсенин өз убагы болот, алдын-ала максат коюп, бул күнү кино бүтөт же бул убакта мындай болот деп пландабайм. Болгону кинону тартып бүттүк, азыр монтаждап жатабыз, ар бир нерсенин буюрган күнү болот деп жашайм. Күзгүгө дагы бир кино тартсакпы деп пландап атам, буюрса. Себеби бул менин жашоом, жумушум, бул менин тамагым, өз эмгегибиз менен акча таап жатабыз. Маданиятыбыз аксап жатса да алардан акча күтпөй, өз каражатыбызга кино тартып аракет кылып атабыз. Апам ошол киного кеткен акчага үй же бир нерсе сатып албайсыңбы деп айтып калат. Айла жок, бул менин жан дүйнөм экен, кино дүйнөсүнө киргенден кийин чыга албайт экенсиң. Киного берилген адам гана чыдабаса, жөнөкөй адам чыдай албайт болуш керек.

— Кандай фильм тартып атасыздар?

— Тарткан кинобуз комедиялуу драма, айыл турмушу сүрөттөлөт. Негизги максаты жаштардын миграциясын кайрадан айылга  тартуу. Тартуу убагы 20 күнгө созулду. Мен-мен деген чыгармачыл адамдардан турган күчтүү топ түзүлгөн. Даярдыгыбыз жакшы болчу. Баарыбыз бири-бирибизди сыйлап, колдоп, бир үй-бүлөдөй болуп кинобузду бүтүрдүк. Ойлоп көрсөм, бир дагы күн эс албай иштептирбиз. Кинобуздун бүтүшү менен деп, бир чети көңүлүбүздү ачалы деп, тилекке каршы акыркы убакта кайгылуу окуялар болуп кетпедиби, ошого байланыштуу да жигиттерибиз тоого чыгууну пландап коюшуптур, ал жакка да барып эс алып келдик.

Администраторуңар Хадижа Исмаилова каза болупАсема Токтобекова, актриса, режиссер: «Хадижа өлбөшү керек болчу» калбадыбы…

—Ооба, биздин администраторубуз Хадижа Исмаилова деген кызыбыз аттан кулап кетип каза болду.  Эртең мененки 8дер чамасы болчу. Биз фильмге тартылууга кеткенбиз. Өзүм тартылып жаткан учур болчу. Тоодо тартылып  атканбыз. Саат тогуз жарымдарда бизге “Хадижа аттан жыгылыптыр, тез арада алып кетиш керек” деп балдар жүгүрүп келишти. Мен түшүнбөй калдым. Анткени Хадижа биздин администратор болчу,  кино тартууга түздөн-түз тиешеси жок эле. Ал кызыбыздын милдети кем-карчыны толуктап, уюштуруу иштерин карачу. Кандайча келип калганын, атты каяктан тапканын түшүнбөй эле туруп калдым. Колу-бутун кырсыктатып алып жүрбөсүн, тез кабар алгыла деп, чукул арада машинаны жөнөттүм. Жөнөткөн машинам кайра келип, “өзүң көрүшүң керек, кино тартууну токтот” дешти. Барсам таанылбай калыптыр, карай албай, шок болуп калдым. Күнөөлүү кишини издеп баштадым. Азыр ойлосом, ал жердеги адамдарга катуу эле айтыптырмын. Тоодон ылдый катуу ылдамдык менен келип, “Тез жардамдын” астынан тосуп чыгып, Панфилов айылындагы ооруканага алып келдик. Милиция келди. “Тездеткиле, карагыла, сактап калалы” деп врачтар менен уруша бериптирмин. Көрсө кеч болуп калыптыр, көпкө чейин бизге айта алышпаптыр. Угуп алып, менде паника башталды. Териштире баштадым. Мага түш сыяктуу болду… Ишенген жокмун, Хадижаны кыя алган жокмун, бирок ажал деген ошол экен сактай албадык… Кесиптештеримдин айтуусу боюнча, Хадижа көптөн бери “ат минсем, чаптырсам” деп ат издеп жүрүптүр. Кыязы ал ат чаптырып баратып, аттан кулап калса, ат сүйрөп кетсе керек.

— Ал кандай кыз эле?

— Хадижа эркек мүнөз, жумушуна так, айтканыңды убагы менен аткарган, баарыбыздын көңүлүбүздү караган кыз болчу. Жаш болсо да көп нерсени башынан өткөргөн.  Азыр ойлосом, акыркы эки күн биз менен коштошкон сыяктуу башкача болуп жүргөн. Биз аябай бири-бирибизге ынак болуп калыптырбыз. Азыркыга чейин жанымда жүргөндөй сезиле берет.

— Инстаграмм баракчаңызга жакын эле адамдарыңыз «бузук телефон» болгонун, туура эмес маалыматтарды таратканын жазып чыктыңыз эле, алар кимдер? 

— Бардык нерсени башыңа түшкөндө билесиң деген чын экен. Биз Бишкекке келсек, жакын эле адамдар менден сурабай ар нерсени айтып, туура эмес маалыматтарды берип таң калтырды. Кээ бир журналисттер “мени өлдү” деп да жазып чыгышыптыр. Деги койчу, көп сөздөр айтылды. Мен шок болдум. Эмне үчүн менден тактап сурашпайт. Мен аларды күнөөлөбөйм, не дейин пенде экенбиз, айбандан да жаман экенбиз, мен ошого капаланып, стресс болдум. Баарынан кайгырганым бир гана Хадижа болду. Хадижа өлбөш керек болчу, ал жашаш  керек болчу, ал кыздын келечеги алдыда эле (ыйлап – Э. К. ). Азыркыга чейин ишене албайбыз, баарыбыз кайгырып атабыз. Бул баарыбызга чоң сыноо, өтө оор жоготуу болуп атат, не дейин, бул жерде эч кимибиздин күнөөбүз жок, Хадижанын элеси кинобузда калды, арбагы ыраазы болсун. Ал эми калгандары айта берсин, дей берсин демекчимин. Баарына Кудай тараза.

— Кино тартууну уланта бересизби?

— Ооба, биздин алдыда көптөгөн пландарыбыз бар. Жакында Казакстан менен иштешели деп атабыз.

Асема Токтобекова, актриса, режиссер: «Хадижа өлбөшү керек болчу»— Тасма тартуу өзүн актайбы, каражат жагынан кимдер жардам берет?

— Башында айтып кеткендей, бул ишке берилгендик керек, каражат жагы бүт өзүбүздүн мойнубузда, спонсор тапканга аракет кылып жатабыз. Буга чейин «Көк жал» киносу актаган, аны Казакстандын бир телеканалы да сатып алган болчу, ал эми кийинки кинолорубузду көрө жатарбыз, изденип, алдыга жылганга аракет кылабыз дейм.

Маектешкен Эльвира Какиева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты