«Коопсуз шаар”: 12-февралдан тартып биринчи баскыч ишке кирет

"Коопсуз шаар”: 12-февралдан тартып биринчи баскыч ишке кирет

Иллюстрациялык сүрөт.

Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүүгө даярдыктар боюнча 29-январда кеңешме өткөрдү.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи баскычы боюнча  айтып берди.

2018-жылдын 27-декабрында Бөкөнбаев – Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде, Лебединовка айылында 7,6 км, 10 км чекте, 2018-жылдын 29-декабрында Байтик баатыр жана Манас көчөлөрүндө аппараттык-программалык комплекстер (АПК) орнотулган. Бул комплекстер тесттик режимде иштеп жатат.

«2019-жылдын 8-январынан тарта монтаждык жана жөндөө-ишке киргизүү иштерди аткаруу үчүн Бишкек шаарынын 10 жол кесилиши үчүн биринчи баскычтын 1-фазасынын жабдуулары толук ташылды, ошондой эле 17 стационардык чекти жана 20 көчмө аппараттык-программалык комплекстерди жабдуу үчүн келип түштү. Ошондой эле белги салуу жана жол белгилерин жаңылоо иштери жүрүүдө», — деп билдирди Шаршембиев.

12-февралдан тартып «Коопсуз шаар» долбоорунун 1-фазасын тесттик режимде иштетүү пландаштырылууда.

Мамлекеттик органдар «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүүгө дыкат даярдык жасоону камсыздоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүүгө тийиш экенин Өкмөт башчы белгиледи.

«Айып пулду башкаруу механизмдерин так иштеп чыгуу зарыл. Мамлекеттик органдар, почта кызматтары, банктар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, автоинспекторлор жана унаа ээлеринин ортосундагы өз ара аракеттешүү механизмдерин, алардын ролун жана жоопкерчилигин иштеп чыгуу кажет», — деди Абылгазиев.

Эскерте кетсек, долбоорду ишке ашыруу 4 баскычка бөлүнгөн, ага ылайык, Бишкектеги 38 кесилишке фото- жана видеожабдуу жана 4 стационардык чектик АПК орнотулат, анын ичинде Чүй облусу боюнча 48 стационардык чектик АПК жана 20 көчмө чектик АПК орнотуу пландаштырылууда.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

 

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты