Баткенде жер титиреди

Баткенде жер титиредиБаткен облусунда 29-январда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. 

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 29-январда саат 12:16 чамасында Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Кадамжай районунун Жаны-Жер айылында 3 баллга, Сары-Өтөк, Кыргыз-Кыштак, Кара-Тумшук, Кайтпас айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар, бүлүнүү катталган жок.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты