Тамирлан Козубаев Малайзиянын футбол клубунун оюнчусу болду

Тамирлан Козубаев Малайзиянын футбол клубунун оюнчусу болдуКыргызстандын футбол боюнча курама командасынын коргонуучусу Тамирлан Козубаев Малайзиянын “ПКНС”футбол клубунун оюнчусу болуп калганын КР Футбол федерациясы билдирди.

Футболчунун малайзиялык футбол клубу менен контракты бир жылга түзүлгөн.

“ Малайзиянын супер лигасында ойной турганыма кубанычтамын. Бул жердеги чемпионат да мыкты, мага футбол клубу жакты жана келерки сезонго анын максаты да жакты” деп комментарийледи Тамирлан Козубаев жаңы клубга өтүшүн.

Пербаданан Кемажуан Негери Селангор клубу (Perbadanan Kemajuan Negeri Selangor) — Петалинг –Жай шаарында. Ал Малайзиянын Суперлигасында ойнойт. Өткөн жылдагы чемпионатта  клуб үчүнчү орунда ээлеген, -деп билдирди ФФ.

Сүрөт: КР ФФ.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты