“Апрель” телеканалынын директорун сотко чакырышты
- 5 лет мурун
- Блог
“Апрель” телеканалынын директору Дмитрий Ложниковду 30-январга сотко чакырышканын ал фейсбук баракчасына жазды.
Кыргызстандын экс -президенти Алмазбек Атамбаев менен “Апрель” телеканалынын директору Дмитрий Ложниковдун соту Бишкектин Октябрь райондук сотунда 30-январда болот.
“Апрель” телеканалынын кызыкчылыгын Медиа полиси институтунун адвокаттары жактайт.
Экс-президент Атамбаев менен “Апрель” телеканалын экс-спикер Акматбек Келдибеков, экс-депутат Азимбек Бекназаров жана УКМК экс-төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев сотко берген.
Сотко кайрылууга экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 2018-жылдын 10-декабрында “Апрель” телеканалы аркылуу берген интервьюсунда айтылгандар негиз болгон.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!