Токмоктогу өткөрмө бекеттеги атышуу

Токмоктогу өткөрмө бекеттеги атышуу

Пресс-конференция учуру.

“Токмок-Автожол» өткөрмө бекетине жакын жердеги атышуу боюнча  Чүй облустук ИИБ башчысы Самат Курманкулов пресс-конференцияда билдирди.

Жабырлануучу Дастан Токмок шаардык ооруканасында жатканын да кошумчалады.

25-январда болгон чуулгандуу окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси, “Бейбаштык” боюнча иш козголгон. 25-январда «Бейбаштык» беренеси менен Кылмыш менен жоруктарды каттоо  Бирдиктүү реестрине киргиилген.

Айта кетсек, күйүүчү майды  контрабандалык жол менен ташыганы айтылып жаткан Дастан менен Кубан деген жарандар  бул “ишке” жаңы келген Бахтияр,  Аскат деген адамдарга кысым көрсөткөн.

Бүгүн, 29-январда  Kaktus.media басылмасынын журналисти Марат Уралиев Токмокко суракка чакырылган. Кабарчынын суракка чакырылышы  “Токмок-Автодорожный” өткөрмө пунктундагы атышууга байланыштуу.

26-январда редакция Токмок өткөрмө пунктунда контрабандачылар атышканы тууралуу жазган. Ал учурда бир киши травматикалык куралдан ок жегени белгилүү болгон.

Дастан менен Кубан аттуу кишилерди  “Чемпион” деген каймана аты бар Жогорку Кеңештин депутаты менен байланыштырышат.

(Такталбаган маалымат боюнча Кубан -Токмок шаардык Кеңешинин депутаты Кубанычбек Кочкорбаев,  ЖК депутаты Урмат Самаев “Чемпион” деген каймана аты болушу мүмкүн экени айтылууда).

Кийин жабыркаган адам УКМКга арыз жазган. Травматикалык тапанчадан ок анын бутуна, эки ок ийнине тийгенин жана башына урганын айткан.

Чек ара кызматы атышуу болгон эмес деп билдирген.

Кийин жабыр тарткан адам өз жаракатын көрсөткөн видео жарыялаганда окуя болгон жерге Урмат Самаев (ЖКдагы “Кыргызстан” фракциясы) келгенин, Самаев Токмок шаардык ИИБине келип, иштин баарын бүтүргөнүн билдирген.

Окуядан 3 күн өткөндөн кийин, 29-январда гана Чүй облустук ИИБ пресс-конференция берип, ал окуя кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталганын билдирген.

Ал иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси, “Бейбаштык” боюнча иш козголгон. Бирок милиция бул окуяны үч күн айтпай келген. Аскат изделип жана суракка чакырылып жатат.

Ал эми ЖК депутаты Урмат Самаев милицияга бул окуяга тиешеси жок экенин билдирген.

Милициянын маалыматына караганда Дастан Бейшенкуловдун “колунда жаракаттары болгон”. Ал жаракатты чөп жүктөп жатканда алганын айткан.

Тергөө кызматынын начальниги Нурлан Жукенов пресс-конференцияда күбөлөр медициналык текшерүүдөн өтпөй койгонун айткан.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты