Коррупция тууралуу билдирген адам мамлекеттен сый акы алат

Коррупция тууралуу билдирген адам мамлекеттен сый акы алатКоррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарга  укук бузуулардан өндүрүлгөн суммадан сый акы төлөнөөрү каралган.

Андай ченем Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-январда, кол койгон «Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө» мыйзамда каралган.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 20-декабрында кабыл алынган.

Жаңы мыйзам жарандардын эркиндигин жана укуктарын коргоого, коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген жарандарды куугунтуктоодон коргоону камсыз кылууга багытталган.  Ошондой эле ал адамдарды коргоо үчүн укуктук жана уюштуруучулук негиздер белгиленип, калктын мамлекетке ишенимин бекемдөөгө кызмат кылат.

Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарга коррупциялык укук бузуулардан өндүрүлгөн суммадан сый акы төлөнөөрү каралган.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты