Бизнес омбудсмендин Байкоочу кеңешине кимдер кире алат?

Бизнес омбудсмендин Байкоочу кеңешине кимдер кире алат?

Ишкерлер.

Бизнес-омбудсмендеги Өкмөттүн өкүлү катары экономика министринин орун басарын киргизүү жөнүндө Өкмөттүн буйругу демилгеленген.

Ал министрлик жана ведомстволорго макулдашууга жөнөтүлгөн.

Өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр блогунун курамы Европа  реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан жүргүзүлгөн консультациялардын жыйынтыгы боюнча аныкталат.

Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкы Бизнес-омбудсмен институтун түзүүдөгү негизги эл аралык өнөктөш жана өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр блогуна карата координациялык ролду өзүнө алууга макул болду.

Байкоочу кеңеште бизнес-ассоциациялар аркылуу жеке сектордун кызыкчылыгын көрсөткөн блокко тиешелүү – бул блокто туруктуу негизде беш бизнес-ассоциациянын жана ротациялык негизде эки бизнес-ассоциациянын катышуусу каралууда.

Байкоочу кеңештин курамына кирүүгө талапкер бизнес-ассоциациялар үчүн төмөнкү критерийлер белгиленген:

— Ишкерлик субъекттеринин ишмердигин кыйла кеңири камтуу;

— бизнес-ассоциациялардын мүчөлөрү тарабынан салыктык чегерүүлөрдүн кыйла жогору көлөмү;

— бизнес-ассоциациялардын мүчөлүк төлөмдөрүн төлөгөн 50 дөн кем эмес мүчөсү;

— 3. Байкоочу кеңештеги  бизнес-ассоциациялар блогун түзүү учуруна карата 5 жылдык ишмердиги.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 31-декабрында Бизнес-омбудсмен түзүү жөнүндө Өкмөттүн токтомуна кол коюлган.

Документке ылайык, биринчи кезекте Бизнес-омбудсмен институтунун жогорку башкаруучу органы – Байкоочу кеңеш түзүлөт.

Байкоочу кеңеште чечилгенден кийин Бизнес-омбудсмендин маселелери каралат.

Алсак, Бизнес-омбудсмендин өзүн жана анын орун басарларын дайындоо,  иш регламенти –иш тартиби боюнча документ бекитилет.

Бизнес-омбудсмен институтунун негизги иш принциби – бул анын көз карандысыздыгы. Бул мамлекеттен да, бизнестен да көз каранды эмес дегенди билдирет. Бул принцип Байкоочу кеңештин иши аркылуу жүзөгө ашырылат.

Байкоочу кеңеш үч тараптын – Өкмөттүн, жеке сектордун кызыкчылыгын көрсөткөн бизнес-ассоциациялардын жана өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөрдүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн турат.

Негизги чечимдер, мисалы, Бизнес-омбудсменди жана анын орун басарларын шайлоо бир добуштан бардык тараптар аркылуу ишке ашырылат.

Ошол эле учурда ар бир тарап тиешелүү блокто ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн санына карабастан, бир добушка ээ болуп саналат. Мындан улам чечим негизги үч тараптын ортосундагы консенсуска жетишилген учурда кабыл алынат.

Өкмөттүн  маалыматтык камсыздоо кызматы бул маалыматты жарыя кылды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты