Митингге катышкан Сапаралиева эки айга абакка алынды

Митингге катышкан Сапаралиева эки айга абакка алынды

Гүлжамила Сапаралиева эки айга камакка алынды.

Ушул жылдын 17-январында өткөн Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытай жарандарына каршы митингге чыккандардын бири, Гүлжамила Сапаралиева улуттар ортосунда кастыкты козуткан деп эки айга абакка алынды.

Бул тууралуу митингге катышкан активист Аманбол Бабакулов билдирди.

Кыргызстанда жүргөн кытай жарандарына каршы митингде сөз сүйлөгөн активисттердин бири-Гүлжамила Сапаралиевага Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин экинчи бөлүгү боюнча, улуттар ортосундагы кастыкты козуткан деген айып тагылып, тергөө абагына камалды.

Бабакулов өзү да күбө катары милицияга сурак берип чыккандыгын кабарлады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты