Азия кубогу: Жарым финалда Япония 1-жеңүүчү болду

Азия кубогу: Жарым финалда Япония 1-жеңүүчү болду

Жарым финалда жапондуктар ирандыктарды жеңди

Бүгүн, 28-январда,  футбол боюнча Азия чемпионатынын жарым финалында Иранды 3:0 эсеби менен жеңип, Япония командасы биринчи жеңүүчү болуп чыкты.

Бул тууралуу «Сегодня» басылмасы билдирди.

Финалда Япониянын курама командасы Катар менен Бириккен Араб Эмираттарынын кимиси жеңсе, ошону менен  ойнойт. Азия кубогунун финалдык оюну 1-февралда жыйынтыкталат.

Айта кетсек, турнурдин жалпы байге фонду 14,8 млн АКШ доллары. Жеңүүчү 5 млн доллар байге алат. Финалга чыккандарга 3 млн доллар берилет. Жарым финалда жеңилген командага 1 млн доллар тиет. Калган 20 команданын ар бир командасына 240 миң доллардан берилет.

Футбол боюнча Азия кубогу 1956-жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. Азия чемпиону Австралия болчу. Япония 4 жолу Азия чемпиону болгон.

Сүрөт: AFP.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты