“Бөлүм башчы клиниканы жеке кызыкчылыгына пайдаланып жатат”дешет митингчилер

Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталдын көз микрохирургиясы бөлүмүнүн врачтары бөлүм башчы Салтанат Иманбаеваны кызматтан четтетүү талабы менен митингге чыгышты. Алардын айтымында Иманбаева бөлүмгө грант менен берилген жабдууларды жеке клиникасында пайдаланып жатат.

“Бөлүм башчы клиниканы жеке кызыкчылыгына пайдаланып жатат”дешет митингчилер

Аталган бөлүмдун врач-окулисти Гүлмайрам Медерованын айтымында, Иманбаева бөлүмдү жеке клиникасына айлантып, өз кызыкчылыгына жараша чечимдерди чыгарат. Алыскы аймактардан келген бейтаптарга орун бербей, алар мейманканаларда калууга аргасыз болуп келишет.

“Бөлүм башчы клиниканы жеке кызыкчылыгына пайдаланып жатат”дешет митингчилер

“Бул чырдын чегине жеткирген нерсе, былтыр ал өзүнө жеке клиника ачкан. Бейтаптарды негизсиз эле ошол клиникасына жөнөтө берет. Ага муктаждык барбы-жокпу, ага карабайт. Бир гана жеке кызыкчылыгын көздөйт. Бирок, биздин клиникада эле ошондой процедураларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бар”,-дейт Медерова.

Ошондой эле, Иманбаева грант менен келген жабдууларды былтыркы жылы ачкан жеке клиникасына, жеке колдонууга алып алган. Ошондой эле, ал тааныштары аркылуу сотторду жеңип, кызматына кайра келгенин Наргиза Мамасеева айтып берди.

“Бөлүм башчы клиниканы жеке кызыкчылыгына пайдаланып жатат”дешет митингчилер

“Биз аргасыздан чыгып жатабыз. Бир жыл мурун башкы дарыгерибиз Сагынбаевага кайрылганбыз. Анткени, Иманбаева жолдун ары жагына эле жеке клиникасын ачып, грант катары келген жабдууларды ошол жакта иштетип, жараксыз абалга келтирген. Эң биринчиү биз өзүбуздүн жетекчибизге кайрылганбыз. Комиссия түзүп, анын чечими боюнча Иманбаеваны убактылуу кызматынан бошоткон. Бирок, Иманбаева кадр маселесине шылтап, өзүнүн мыйзам бузганын жашыруу үчүн, “Сагынбаева врачтарды түртмөлөп, мени куугунтуктап жатат” деген маалыматты таратууда. Аны айткандары туура эмес экендигин жеткирүү, чырдын чыныгы себебин айтуу үчүн чыктык. Ал сотторго кайрылып, кантип жеңип чыкканы белгисиз. Депутаттардан, спикерден суранат элек, дарылоо жайларындагы коррупциялык иштер токтотулсун”,- деди Мамасеева.

Улуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүндө жолдошу дарыланып жаткан Майрамгүл Тоотаева Иманбаева дарыгерлерге кысым көрсөтүп жатканын, негизсиз эле аларга карата рапорт жазганын айтып берди.

“Бөлүм башчы клиниканы жеке кызыкчылыгына пайдаланып жатат”дешет митингчилер

“Жолдошум Тоотаев Курбаналы буга чейин көзүнөн операция болгон. Анан кайра алты ай өткөндөн кийин, экинчи операцияга келгенбиз. Врач бошоп калганда жолдошумду көрүүгө кабинетине чакырып алган. Мен сыртта калып, бир саат күттүм. Жолдошумду врач кабыл алып жатса, бөлүм башчы врачты коридорго алып чыгып, “Эмне үчүн көрүп жатасын?” деп, рапорт жазыптыр. Жолдошум ага өзүн күнөөлүү сезип, көзүнүн кан басымы көтөрүлүп кетти. Ал врач эч жамандык кылган жок да, болгону бейтаптын абалын текшерди”,-дейт Тоотаева.

Митингге чыккан врачтардын талаптарын угуу үчүн ЖК депутаты Дастан Бекешов чыкты. Митингчилердин талаптарын уккандан кийин  анын атына арыз менен кайрылса, бул иштин чоо-жайын иликтеп чыгаарын айтты.

“Бөлүм башчы клиниканы жеке кызыкчылыгына пайдаланып жатат”дешет митингчилер

“Иманбаеванын мыйзам бузганы боюнча далилдер, рапортторду тиркеме кылып кошуп арыз менен кайрылыңыздар. Мен ишти иликтеп чыгып, кийинки жумада госпиталга барам”,-деди депутат Бекешев.

Саламаттык сактоо министрлиги  бул боюнча комментарий бере элек.

Ырысбү Кылычбек кызы

Сүрөттөрүн: Автор тарткан.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты