Чет өлкөгө жумушка орношкуңуз келеби?

Чет өлкөгө жумушка орношкуңуз келеби?Миграция  кызматы жарандарыбызды чет өлкөгө жумушка орноштуруу боюнча 30 жеке агенттикке лицензия берүү маселесин карады.

Азыркы учурда 79 жеке агенттиктин чет өлкөгө жумушка орноштуруу боюнча лицензиясы бар.

2018-жылы 8 258 кыргызстандык чет өлкөгө жумушка орноштурулган, анын ичинде жеке агенттиктер тарабынан да ишке киргендер  бар.

Жумушка орноштурулгандардын саны:

Түркияга-6598 киши;

Кореяга-412;

Россияга -430;

Германияга-255;

Бириккен Араб Эмираттарына-197;

Кувейтке-79;

Катарга-30;

Башка чет өлкөлөргө- 257 киши жумушка орноштурулган.

Мамлекеттик Миграция кызматы кыргызстандыктарды  Россия, Казакстан, Корея, БАЭ, Түркияга кызматка орноштурат.

КР Миграция кызматы  жеке агенттиктерге чет өлкөдөн жумуш сурап кайрылганда алардын уруксат документтерин, лицензиясын сураш керек экенин эскертет.    Бул тууралуу кененирээк http://oec.kg/же  +996 312 64 17 14  телефону аркылуу маалымат алууга болот.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты