Албек Ибраимовдун соту 30-январга жылды

 

Албек Ибраимовдун соту 30-январга жылдыБишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимовдун соту болбой калды. 

Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимовдун соту 28-январга коюлган, бирок анын жактоочуларынын сотко катыша албай тургандыгына байланыштуу 30-январга жылдырылды.

Мындан мурда да, 15-январда, сот иши башталары менен андан ары улантылбай калган. Анын себеби сот Кымбат Аркарованын  кылмыш иши менен тааныш эместиги себеп болгон.

Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимов “Дастан” компаниясына мүлктү жогору баада алгандыгы, муниципалдык жерди мыйзамсыз бөлүштүргөндүгү жана Бишкектеги «Калыс Ордо» конушундагы мектепке бөлүнгөн каражаттардын мыйзамсыз иштери боюнча айыпталууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты