12-кичирайондон «Манас» аэропортуна чейин жаңы экспресс автобус каттай баштайт
- 4 месяца мурун
8-июлдан тарта Бишкектин 12-кичирайонунан “Манас” эл аралык аэропортун көздөй №153 экспресс автобусу каттай баштайт.
Мэриядан билдиришкендей, каттамды “Isuzu” үлгүсүндөгү 12 метрлик, 3 эшиктүү 17 даана заманбап автобус тейлейт.
Автобустар ар 10-12 мүнөт сайын жүрөт. Алар экспресс тартипте иштегендиктен белгиленген гана аялдамалардан токтойт. Салондогу отургучтардан ашыкча жүргүнчү салбайт.
Жол акысы — накталай төлөм менен 140 сом, накталай эмес төлөм менен 122 сом.
Муну бөлүшүү