12-июлга карата өлкөдө 28 адамдан коронавирус аныкталды
- 2 года мурун
12-июлга карата өлкөдө 28 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Анын ичинде экөө Өзбекстан жана Казакстандан келгендер.
Аныкталгандардан:
20 адам оорунун белгилери пайда болгондуктан кайрылышкан
6 өлкөдөн учууга байланыштуу ПЦР-тест тапшырууда аныкталган
Аныкталгандардын ичинен алтоо гана COVID-19га каршы эки жолу эмдөөдөн өткөн.
Амбулатордук дарыланууда — 20, оорукана жаткандар — 2.
12-июлга карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада.
Бирок акыркы жумада эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден жогору, бул оорунун көбөйө баштаганын көрсөтүп турат.
Пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпысынан COVID-19дун 201 243 учуру катталган.
Муну бөлүшүү