12-13-октябрда Бишкектин жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүнө чектөөлөр киргизилет

  • 10 месяцев мурун

12-13-октябрда Бишкектин жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүнө чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-октябрда Бишкек шаарында Көз карандысыз мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өткөндүгүнө байланыштуу 12-13-октябрь күндөрү Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын төмөнкү көчөлөрүнө мал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат.

Алар:

— Манас Эл Аралык Аэропорт жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;

— Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып, Чүй проспектисине чейин;

— Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн тартып, чыгышты карай Манас проспектисине чейин;

— Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;

— “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынан тартып, “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине чейин;

— Бишкек шаарынан чыгып, Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолу (объездная дорога) аркылуу Кант шаарына чейин.

«Бул мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда, жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине унаа каражаттарын калтырбооңуздарды, оор жүк ташуучу унаалар зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууну жана жалпы айдоочулардан жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол эрежелерин так сактоого чакырабыз», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты