Жарандар Президентке кайсы көйгөйгө көп даттанышат?
- 6 лет мурун
- Мультимедиа
Президенттик аппаратка жарандардан 2018-жылы 17 827 кат келген.
Бул тууралуу анын басма сөз кызматы кабарлады.
Президенттик аппаратка өткөн жылы келген суроолордун:
45, 5% ы сот жана укук коргоо органдарынын маселесине тиешелүү;
23 % ы аткаруу органдарынын ишине байланыштуу.
Ал эми калгандары саламаттык сактоо, билим берүү, маданият, кредит жана ссуда, жумуш, эмгек акы, ырайым кылуу ж.б. социалдык-экономикалык, саясий ж.б. маселе тууралуу.
Чет өлкөлүк 141 жаран президенттин сүрөтүн сурап жана сүрөткө чогуу түшүү өтүнүчү менен кат жиберген.
—
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!