Төрөбаев: “Жапаров, Текебаевдин иши кайра каралышы керек”

Төрөбаев: “Жапаров, Текебаевдин иши кайра каралышы керек”Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев партиянын фейсбук баракчасындагы түз эфиринде Садыр Жапаров жана Өмүрбек Текебаевдин ж.б. иши жаңы жагдайдан улам каралышы керектигин билдирди.   

—Садыр Жапаров, Өмүрбек  Текебаев өңдүү саясий куугунтукка алынган саясий ишмерлер бар. Азыркы учурда Башкы прокуратура бул иштердин баарын кайрадан карап чыгып, жаңы жагдайдан улам сотко берилиш керек. Мен муну мурда да айткам.

Экс-президент Роза Отунбаева Өмүрбек Текебаевге ырайым берүү боюнча Президентке ырайым берүү сунушу менен кайрылган. Биз, 6 фракциянын, лидерлери ага кол коюп бергенбиз.

Биз менен жолугушууда Өмүрбек. Чиркешович өзү “муну колдобойм,  күнөөлүү эмесмин” дегенине карап, токтоп калдык. Соттолгон адам өзү кайрылса гана, президент ырайым берүүнү колдоно алат деген мыйзам бар. Депутат Исхак Масалиев мунапыс боюнча да иштеп жатат. Мына ушундай кийин белгилүү болот.

Төрөбаев  Дача СУ маселеси боюнча да өз оюн билдирди:

—Ал эми Дача СУ маселеси боюнча Улуттук Коопсуздук Комитетинен расмий жооп келген. Расмий жоопто 11- октябрда көтөргөн маселеге сиздерге жооп беребиз деген. Негизгиси 51 жолу бул рейс каттап жүргөнү айтылды. “Манас” аэропортунда 41 адам суралганда жүк контрабандалык эмес деген тыянак чыккан.

Бул боюнча менде да суроолор бар, ал суроолорду Ички иштер министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине  бердим, жооптуу  күтүп жатабыз. Ал кимдин жүгү деген суроого жооп күтүп жатабыз, -деди Бакыт Төрөбаев.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты