Жол кырсыгынан айдоочу каза болду. Аргынбек Малабаев—реанимацияда

Жол кырсыгынан айдоочу каза болду. Аргынбек Малабаев--реанимацияда Жол кырсыгы.[/caption]

Жол кырсыгынан айдоочу каза болуп, анын жургүнчүсү, Транспорт жана жол экс-миистри Аргынбек Малабаев оор абалда ооруканага жеткирилди.    

Кечээ, 27-январда, кечки саат болжолдуу 18 де  Сокулук районунун  Белогорка капчыгайында “Джип” машинасы  жардан кулап, бир канча жолу ала салып кеткен. Жардын бийиктиги 10 метрдей болгон.

Бул кырсыктан айдоочу ошол жерде жан берген. Үч жүргүнчү жабыркаган. Алардын бири Транспорт жана жол экс-министри Аргынбек Малабаев оор абалда райондук ооруканага жеткирилип, реанимацияга жаткырылган.

Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы билдирди.

Социалдык булактардагы маалыматтарда жол кырсыгынан  жабыркагандардын арасында Болот Сүйүнбаевдин мурдагы күзөт кызматкери, чолпонаталык Аваз да болгондугу, алар аң уулаганы барганы айтылууда. Алар менен чогуу жүргөн дагы бир “Джип” окуя болгон жерден дароо кетип калганы да кошумчаланды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты