Бишкекте көп кабаттуу үйдөгү өрт өчүрүлдү

Бишкекте көп кабаттуу үйдөгү өрт өчүрүлдү

Көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты.

Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Сүйөркулов көчөсүнүн №33 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 2- кабатында 26-январда кечинде батирден чыккан өрт саат 23: 57 де өчүрүлдү. 

Өрт саат 23:03тө чектөөгө алынган, тактап айтканда, өрттүн андан ары өрчүшүнө жол берилген жок.

Саат 23. 57 де өрт толугу менен өчүрүлдү.
Болжолдуу түрдө батирдин 45 ч.м. аянты жана үй-тиричилик буюмдары күйүп кеткен. Өрттүн  себеби такталууда.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз борбору билдирди.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматыныкы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты