“Аймаран” — азыркы доор үнү

“Аймаран” -- азыркы доор үнүЖакында жазуучу Меңди Мамазаированын “Аймаран”  аттуу  көлөмдүү романы жарык көрдү.  Китептин бет ачары Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын Ч. Айтматов залында, 26-январда   адабият чөйрөсүндөгү инсандар, окумуштуулар, саясий жана коомдук ишмерлердин катышуусунда өттү.

Кечени КР Жогорку Кеңешинин вице-спикери Аида Касымалиева ачып,  Меңди Мамазаированын  эмгектери кыргыз элинин маданиятына,  адабиятына зор салым кошуп, “Аймаран” романы учурдун көйгөйүн чагылдырган чыгарма, аны окуган адам кайдыгер калбайт. Анткени романдын каармандары биздин катарыбызда жашап, эмгектенген замандаштарыбыз, таанымал да, бейтааныш да адамдар” деп куттуктоо сөзүн айтты.

Кийинки сөздү ЖК депутаты Айнуру Алтыбаева алып, “Аймаран” романын эгемендик башталгандан ушул күнгө чейинки кыргыз турмушун Тумар аттуу аялдын өмүрү, тагдыры аркылуу чагылдырганын, жөнөкөй, жеткиликтүү тил менен жазылган чыгарма деп баалап, авторго КР Аялдар коомунун атынан “Даткайым” медалын тапшырды.

Ал эми жазуучу Мелис Абакиров  “Аймаран” романы жазуучунун  мурда жарыяланган көйгөйлүү маселелерди козгогон публицистикалык ой- толгоолорунун, көп жылдык адабий даярдыгынын, тажрыйбасынын туундусу экенин айтты. Романдын курч окуялуу сюжети да, шар окууга ылайыкталган жазуу стили да баш көтөрбөй окууга мажбурлап, окурмандарды кайдыгер калтырбай турганын белгиледи.

“Аймаран” -- азыркы доор үнү

Китептин бет ачарында.

—“Аймаран” – мен окуп чыккан кыргыз жазуучуларынын кийинки жылдарда жарык көргөн  романдарынын  көрүнүктүүсү  да, окумалдуусу дагы. Чоң сүрөткерлик менен жазылган эпизоддор, каармандардын жүрүм-туруму экран, сахнадагыдай көз алдыга тартылып турат. Жөнөкөй берилген. Ушунусу жазуучунун чеберчилигин айгинелейт, — деди Абакиров.

Окумуштуу  Үмүт Култаева  чыгарманы «көп катмарлуу социалдык роман» катары баалап, “чыгармада эки багыт бар, биринчиси — эркиндик, экинчиси — нарк-л деградациясы”, — деди.

— Негизинен роман жакшы окулат. Бул мыкты чыгармага таандык касиеттердин бири. “Аймаранда” улуттук адабияттагы салттуулук да, айрым жаңычылдык да мүнөздүү деген жыйынтыкка келүүгө болот. Салттуулуктун баалуулугу да, проблемалары да бар эмеспи. Кыргыз романдарына таандык эпикалык мотивдер: уламыш, ретроспективалык тарыхый кыстырма баяндар, дүйнө салган белгилүү адамдын керээзи, аны узатуу зыйнатында айтылчу кошок калемгер тарабынан чебер колдонулган.

Ошол эле учурда кыргыз романдары арыла албай келе жаткан кемчиликтер да жок эмес. Айрыкча, улуттук адабияттагы салттуу роман жанрына таандык баягы эле көлөмдүүлүк же көп сөздүүлүк көйгөйү байкалат. Чыгарма 73 бөлүмдөн, 551 беттен турат.

Чыгарманы мактоо менен гана чектелбестен, андагы  алешемдиктерди көрмөксөнгө салууга да болбойт. Жогоруда мен айтып кеткен деталдар болбосо  романдын түзүлүшү тыкан келип, көлөм да азаймак. Анткени азыркы окурман көлөмдүүлүктү жактыра бербейт. Ошентсе да «Аймаран» романы жазуучунун түйшүктүү эмгегин, чыгармачылыгынын жаңы этабын камтыган олуттуу чыгарма болду.

Бул жерден “Аймаран”  деген  сөздү  чечмелей түшүндүрүп кетсем, Аймаран — сейрек кездешүүчү мээр чөптүн өзгөчө бир түрү. Гүлдүү чөп. Ал пейили, дили таза адамга гана көрүнүп, табылат. Түн ичинде жылдыздай жаркырап күйүп турат экен. Романда каарман  “Аймаран” – тазаланууга шыпаа болчу дары чөп”, – деп түшүндүрөт, — деди окумуштуу.

Келген коноктор кече жогорку деңгээлде өткөнүн белгилеп, илим доктору, профессор Үмүт Култаеванын жана академик А.Какеевдин роман тууралуу  пикирине күбө болушту. Мындан сырткары убакыттын тардыгынан автордун жаңы чыгармасын окуп, талдаган окурмандар романдагы чакырыкка, автор добулбас уруп, алдын — ала эскертип жаткан “Мекенден башка  Мекен жок”, “Кетпегиле, жериңерди сатпагыла” деген кайрылууга көңүл буруп,  колго алуу керек деген пикирин билдиришти.

Элвира Какиева

Сүрөттөрү: автордуку.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты