Темир жолу кандай өзгөрүүгө туш болот?

Темир жолу кандай өзгөрүүгө туш болот?«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Канатбек Абдыкеримов 2019-2025-жылдарга карата Темир жол транспортун өнүктүрүү концепциясынын долбоорун сунуштады. Ал Премьер-министрдин тапшырмасы боюнча иштелип чыккан.

«Сунушталган Концепциянын алкагында ишканаларды башкаруунун жаңы модели – акционерлештирүүнү түзүү пландаштырылууда. Баштапкы этабында биз жүктөрдү жөнөтүү боюнча потенциалдуу инвесторлор менен биргелешкен ишкана түзүүнү сунуштап жатабыз. Биз бул темир жол тармагын өнүктүрүү үчүн кошумча каржы ресурстарын тартууга шарт түзөт деп эсептейбиз” деди директор.

Ал өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдигине кириши менен ташуунун, атап айтканда, оор жүк ташуу көлөмүнүн бир топ жогорулагандыгын билдирди.

Алсак, 2016-жылдан 2018-жылга чейин темир жол транспорту аркылуу ташылган жүктүн көлөмү 6030,5 миң тоннадан (2016-ж.) 7440,1 миң тоннага чейин жеткен (2018-ж.), башкача айтканда, өсүш 1409,6 миң тоннага жетип, 123,4% түзгөн.

«Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы сыяктуу стратегиялык объект учурдагыдай абалда калышына жол берилбеши керек. Темир жол комплексинин иш алып баруусунун принциптерин түп-тамырынан бери кайрадан карап чыгуу керек» деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты