Кыргызстанда аба-ырайы канчалык так болжолдонот?

Кыргызстанда аба-ырайы канчалык так болжолдонот?Кыргызстанда аба-ырайын 3 суткалык болжолдоонун тактыгы 93 пайызды түзөт,  ал эми Бишкек шаары боюнча 87% ды түзөт

Биз күн сайын аба-ырайынын божомолуна карайбыз, ошого жараша кийинип, ошого жараша жумушубузду пландайбыз. Синоптиктердин аба-ырайы тууралуу божомолу канчалык так чыгат?

Бул суроого Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометорология агенттигинин директорунун орун басары Рыскелди Асанкожоев жооп берди:

—Кыргызстанда аба-ырайын 3 суткалык болжолдоонун тактыгы 93 пайызды түзөт,  ал эми Бишкек шаары боюнча 87% ды түзөт. Бул божомолодоонун такыгы тактыгы 10% га көбөйгөнүн билдирет.

Көчкү боюнча эскертүүлөр жана божомолдоолор 2017-2018-жылдары 98% га дал келди, бул 2014-2015-жылдарга салыштырмалуу төрт пайызга тактыгы көтөрүлдү,- деди ал.

Буга кандай себеп болгонун  Гидрометеорология агенттигинин директорунун орун басары мындай деп түшүндүрдү:

“Бүткүл Дүйнөлүк Банктын “Борбордук Азиядагы гидрометеорология кызматын жакшыртуу” долбоорунун биринчи этабын өздөштүрүүдө гидрометеорология кызматын жакшыртуу боюнча бир топ жетишкендиктерге ээ болдук” деди.

Анын айтымында метеорологиялык болжолдоо бөлүмүндө визуалдык ГИС метео системасы орнотулган, бул система аркылуу болжолдоо маалыматтары дүйнөлүк болжолдоо борборунан түздөн- түз келип түшүп, Кыргызстандын аймагына ылайыкташат жана синоптикалык маалыматтардын көлөмү көбөйүп, карта, метеограмма, таблица түрүндө чыгып, анализдери автоматташтырылып иштелип чыгарылат.

Автоматташтырылган метеостанциялардын маалыматтары интернет-каналдар аркылуу Кыргызгидрометтин Маалымат чогултуу борборуна түшөт. «Чон-Ашуу» кар көчкү станциясы маалыматтарды спутник байланыш аркылуу кетирет.

Автоматтык датчиктер абанын жана кыртыштын температурасы, абанын нымдуулугу, шамалдын ылдамдыгы жана багытына, атмосфералык басымына байкоо жүргүзүп, он-лайн режиминде жөнөтөрүн Гидрометеорология агенттигинин директорунун орун басары билдиргди. Бул маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматыныкы.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты