«FB Messenger», «Instagram» жана «WhatsApp» бирдиктүү системага кошулат
- 6 лет мурун
- Мультимедиа
«Facebook» компаниясы «Facebook Messenger», «Instagram» жана «WhatsApp» тиркемелеринин бирдиктүү системага бириктирет.
«The New York Times» билдиргендей, ар бир кызмат өз алдынча тиркеме катары иштей берет, бирок система жалпы болуп, колдонуучулар бир платформада туруп экинчиси менен да тоскоолдугу жок байланыша алат. Башкача айтканда, «Facebook Messenger» колдонуучусу «WhatsApp» тармагындагы адамга билдирүү жөнөтсө болот. «BBC» кабарлагандай, бирдиктүү системага өтүү жараяны узакка созулушу мүмкүн.
Булак: Азаттык.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!