Аида Салянованын агасы АКШда кармалды

ИИМдин маалымат кызматы билдиргендей, Аида Салянованын аталаш агасы Калыбек Элтуйбасов, Камила Дүйшөбаеванын өлүму боюнча АКШда кармалды.

Аида Салянованын агасы АКШда кармалды

2014-жылы 10-мартта белгисиз себептер менен 19 жаштагы Камила Дүйшөбаева өлтүрүлгөн. Кылмыш иши коомчулуктун көңүлүн буруп, ИИМдин мурдагы министри Мелис Турганбаев ишти аягына чыгарууга убада берген.

2016-жылы 21-ноябрда министрликтин кийинки жетекчиси Кашкар Жунушалиев да кылмыш ишин иликтей тургандыгын айткан.

Маалыматка ылайык, Саляновду Кыргызстандын ИИМинин сурамжылоосу менен кармашкан. Экстрадициялоо маселеси каралып, тергөө иши уланууда. Өлүмдүн башка себептери да такталып жатат.

Милициянын ырасташынча, 2014-жылы 55 жаштагы Калыбек Элтуйбасов 10-мартта сауналардын бириндеги көзөмөл камерадагы жаздырууну өчүргөн. Ага эс алуучу жайдын жетекчиси А.Н. жардам берген. Ошол учурда видео милицияларга дагы керек болгон.

Элтуйбасовго өндүрүштүк тергөөгө тоскоол болгону үчүн сыртынан айып тагылган. ИИМдин башкы иликтөө башкармалыгы кылмыш ишин козгоду.

(Сүрөт интернеттен алынды)

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты