Перс булуңундагы Катар кризиси

Перс булуңундагы Катар кризиси5-июнь күнү эл аралык кабар агенттиктери Сауд Арабия, Египет, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) Катар мамлекети менен дипломатиялык мамилелерин токтотконун билдирген кабар беришти. Көпчүлүк кыргызстандыктар үчүн бул кабар таң калычтуу болду. Кийинчерээк аталган мамлекеттердин катарын Йемен, Ливиянын убактылуу өкмөтү, Малдив жана Маврикия толуктады.

Орто Чыгыштын Перс булуңунда жайгашкан Катар мамлекети 1971-жылы көз карандысыздыгын алган. 11437 км2, территориясы, 2,7 миллион калкы, абсолюттук монархия менен башкарылган жана региондогу “эң ачык” чакан араб өлкөсү болгонуна карабай экономикалык таасири бар өлкө катары саналат.

Катарды дүйнөлүк таанымал Аль-Жазира кабар каналы, дүйнөнүн атактуу клубу Барселона менен  спонсордук келишим түзгөн Катар Аба жолдору (Qatar Airways)  компаниясы жана 2022-жылкы футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионатты өткөрчү өлкө катары билебиз.

Ошондой эле бул өлкө газ резерви боюнча дүйнөдө 3-орунда, газ экспорту боюнча 6-орунда. Нефть жана газдан түшкөн киреше ички дүң продуктынын (ИДП) жарымын түзөт. Катардын ИДПсы 323,2 миллиард АКШ доллар, адам башына түшкөн ИДП 120 миң АКШ долларга туура келип, “глобал айылдын эң бай үй-бүлөсү” деген атка конгон мамлекет. Катардын чет өлкөлөрдө 53 миллиард доллардык инвестициясы бар. Катардын эң ири соода өнөктөштөрү Япония, Түштүк Корея, Сингапур жана Индия болуп эсептелет.

Аталган мамлекеттер эмне үчүн дипломатиялык алаканы токтотушту?

Дипломатиялык мамиленин үзүлүшү бир күндө чыга калган маселе эмес. Тарыхый аспектиден караганда Осмон империясынын карамагында болгон учурдан баштап эле Катар үстөмдүк аракетин көрүп келген Сауд Арабия, БАЭ сыяктуу кошуналарынын таасирине кирбей келет. Ошондой эле Суннит-Шия (Сауд Арабия-Иран)  тирешинде тарап тутпай келген өз жолун тандап келген. Азыркы учурда экономикалык бакубаттуулуктун да натыйжасында өз алдынча тышкы саясат жүргүзүп жатышы Суннит Араб өлкөлөрүнүн жетекчилерине өзгөчө Сауд Арабияга жага бербей келет.

Катар Эмиринин кайрадан шайланган Иран президенти Хасан Руханини телефон аркылуу куттуктап, Иран менен мамилени өнүктүрүү ниетин билдиргени, 20-22-майдагы АКШ президенти Дональд Трамптын Орто Чыгышка болгон сапарында радикалдык топторго карата күрөшүү боюнча чакыруусу, Сауд Арабиянын АКШ менен 10 жыл ичинде 350 миллиард доллардык курал алым-сатым келишими түзүү аркылуу АКШны жанына алып, Сауд Арабиянын саясатына баш ийбеген Катар мамлекетине дипломатиялык эле эмес, экономикалык санкциялар алуусу менен коштолду.

Ушул жылдын 23-майында Катар Эмири Шейх Тамим Бин Хамид Аль Тани аскер окуу жайынын бүтүрүү кечесинде сүйлөп жатып, Араб өлкөлөрү менен Ирандын ортосундагы мамилени сындап, “Иранга каршы душман болуунун пайдасы жок, Иран региондо  чоң күч” экенин белгилеп, Иран тарабынан колдоо көрүп келген Хизбулла жана Хамас топторуна өз өлкөлөрүндө элдин легитимдүү өкүлү экенин, бул уюмдарга туура түшүнүү  менен мамиле кылуу керектигин айткан. Буга кошумчалай, АКШнын президенти Дональд Трамптын Орустар менен болгон  мамилесинин айынан Ак үйдө көпкө отурбаарын айткан. Катардын Улуттук Кабар агенттиги бул сөзүн кабар кылган. Бирок кийинчерээк сайтынан алып салган. Бул сөздөн кийин региондогу өлкөлөр арасында медиасогушу башталып, саясий кризис башталаардын алдында кабарларды эркин жайган Аль-Жазира каналынын Египет, Сауд Арабия жана БАЭде көрсөтүүсү токтотулган.

Аталган мамлекеттер Катарды Ислам мамлекети террордук тобу, Сирияда Аль Нусра тобу, “Мусулман агайындар” кыймылына, Иран тарабынан тапталган куралчан топторго колдоо көрсөтүүдө, региондун стабилдүүлүгүнө кооптуу жагдай түзүүдө жана мамлекеттердин ички саясатына (Аль Жазира телеканалы аркылуу окуяларды козутуп) кийлигишүүдө деп бул өлкө менен жерден, деңизден жана абадан чек араларын жапканын билдиришип, катардык дипломаттарга 48 саат  мөөнөттө өлкөдөн чыгып кетишин, Сауд Арабия, Бахрейн, БАЭ Катар жарандарын 14 күндүк мөөнөттө чыгып кетүүсүн талап кылды. Бир гана Египет Катар жарандарын чыгып кетүүсүн талап кылбады. Санкциясы чектелүү. Себеби, 180 миңге жакын Египет жарааны Катарда инженерия, медицина жана курулуш ж.б. тармактарда иштешет.

Ал арада Англиянын Guardian гезити Обаманын учурунда АКШнын коргоо министри кызматын аркалаган Роберт Гейтстин “Катар бийлигинин Хамас, Талибан жана Аль-Каидага каржылык колдоого тоскоол болуу аракетин эч эстей албайтам” деген сөзүнө орун берди.

Айтылган айыптарга Катардын жообу эмне болду?

Катар бийлиги медиа согушу учурунда Катар улуттук агенттиги жана  сайттары кибер чабуулга учураганын жана Катар Эмиринин аскерий жыйында жогорудагыдай сөз айтпаганын билдирген. Дипломатиялык кризистен кийин Катар ТИМи “террордук топторго колдоо көрсөтүүдө” деген айыпты четке кагып, эч кандай далили жок каралоо жүрүп жатканын билдирди.

Катар кризисинин экономикалык таасирлери кандай болуусу мүмкүн?

Аты аталган өлкөлөрдүн Катарга аба коридорун жабышы Катар авиация тармагына чоң сокку урат. БАЭEtihad жана Emirates, Fly Dubai авиа компаниялары Дохага болгон сапарларын 6-июндан баштап токтотту. Сауд Арабия, БАЭ, Бахрейн, Египет Катар аба жолдорунун рейстерин кабыл албаарын билдирди. Азия менен Европаны Доха шаары аркылуу байланыштырууну максат кылып чоңоюп келаткан Катар Аба Жолдору чоң зыян тартчу биринчи авиакомпания. Аба коридорлорунун жабылышы учактардын айланып учуусу, рейстердин учуу саатын узатып, кардарлардын нааразычылыгы менен коштолуп, алардын башка авиакомпанияларды тандоосуна түрткү болот.

Чөл өлкөлөрү табигат шарттарына байланыштуу тамак-аш тармагынан сыртка көз каранды. Катарга  тамак-аш продукцияларынын 40% Сауд Арабиядан жол транспорту аркылуу алып келинчү. Жерден бир гана Сауд Арабия менен чектешкени Катарды зыянга учуратат. Эми тамак-ашты аба жана деңиз аркылуу алып келүүсү анын баасынын өсүүсүнө алып келип, инфляцияны жогорулатат. Өлкөдөгү эмгек мигранттарына оор болот. Бул монархиялык бийликтин үй-бүлөсүнө саясаттын нугун өзгөртүүгө басым жасоого түртүшү мүмкүн.

Жаңы бир порт, медицина борбору, метро проекти жана 2022-жылы өтчү Футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионат үчүн салынып жаткан 8 стадион курулуш тармагынын эң чоң долбоорлору. Абадан да, жерден да чек аралары жабылган Катардын тамак-аш баалары өсөөрү күтүлгөндөй, курулуш материалдарынын баасынын өсүүсүнө жана логистика жагынан да кыйынчылыктар туулат. Бул АКШдагы Baker институтунан эксперт Christian Ulrichsen билдиргендей, дүйнөлүк чемпионаттын даярдыктарын аксатат.

Катар биржалык фондунда акциялар биринчи күндөн баштап түшө баштады. Перс булуңундагы бул кризис газ жана нефть баасынын көтөрүлүшүнө себеп болот. Экономикалык блокададагы Катарда иш алып барган чет элдик компаниялардын иши солгундашы мүмкүн.

Кыргызстанга бул кризистен кандай таасир болушу мүмкүн?.

Кыргызстан акыркы жылдары Катар мамлекети менен мамилесин өнүктүрүү багытында иш алып барып келүүдө. Мурдагы жылдары ажобуз А.Атамбаевдин Орто Чыгышка болгон сапарында КРдин Дохада элчилик ачышы, 1-2 жылдан бери Экономика министрлигинин аракеттеринин максаты Катар инвестициясын Кыргызстанга тартуу болуп келет. Негизинен, кыска мөөнөттө Катар мамлекети менен Кыргызстандын мамилесине роль ойночу чоң деле фактор жоктой. Экономикалык мамилелер азырынча башталгыч этапта.

Анткен менен учурда Катарда 370дей кыргыз жараны иштегени маалым. Алардын Кыргызстанга келип кетүүлөрүндө кыйынчылыктар болушу мүмкүн, кирешелеринде азаюу жана жумушсуз калуу ыктымалы бар. Дагы бир жагдай диний террордук топторго колдоо көрсөтүүдө деп  кине коюлган Катар менен ойлондурчу маселе коопсуздук маселеси. Бул боюнча кылдат мамиле кылуу керек.

Перс булуңундагы бул кризис тууган мамлекеттердин ич ара маселеси. Кризистин тезирээк жөнгө салынышын каалагандан башка жол жок. Маселе чечилгенде ыңгайсыз абалда калбоо үчүн Кыргыз мамлекети тарап тутпай, этият дипломатиялык мамиле кылышы абзел.

Кризисти ким жөнгө сала алат?

Катарда жайгашкан дагы бир аскер базасы бар, ал Түркияга таандык. Бул  Түркиянын чет элдеги жалгыз аскер базасы. Катар бийлигинин Түркияда 20 миллиардга жакын инвестициясы бар. Ислам мамлекети террордук тобунан оңой эмес жоготууга учураган Түркия мамлекети бул топторго колдоо көрсөтүүдө деп айыпталган Катар менен региондогу Араб мамлекеттери ортосундагы кризиске Түрк ТИМи дароо медиатор болуу ниетин билдирди. Бирок бул өлкөнүн Сириядагы позициясынын айынан тараптар өлкөлөрдү мунасага келтирүүгө чамасы жетпээрин болжолдосо болот.

Региондо таасири күч АКШнын бул мамлекеттерди бир жаңсыл кылууга дарамети жетет дешет эксперттер. АКШнын Орто Чыгыштагы эң чоң аскер базасы 11000ге жакын аскери менен Катардын Доха шаарынан 30 км алыстыкта жайгашкан. Ал эми Катардын өзүнүн армиясы 11800. Катар кризисинен кийин АКШнын Мамлекеттик Катчысы Рех Тиллерсон, региондо көптөн бери бар болгон жана барган сайын чыңалып бараткан тынчсыздануунун натыйжасында аталган өлкөлөр керектүү чара көрүшкөнүн жана Президент Д. Трамптын ислам мамлекети террордук тобуна каршы күрөш боюнча чакыруусун белгилеп, бул дипломатиялык кризис региондо баланстарды өзгөртүп жибербестигин айткан. Балким, АКШнын басымы менен Катардын Иран боюнча саясатында бир өзгөрүүгө алып келүү аркылуу кризис чечилиши мүмкүн.

Акыркы маалыматтарга караганда, Кувейт Эмири Шейх Аль-Жабар ас-Сабах жана  Оман ТИМ башчысы Сауд Арабиянын борбору Эр-Рияд шаарына ортомчу катары барганы маалым болду.

Бакытбек Абдуллаев

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты