Кыяс Кытайда эмне кылып жүрөт?

Мурас” фондунун төрагасы Кыяс Молдокасымов Кытайдын Тарыхый иликтөө Кыяс Кытайда эмне кылып жүрөт?институту менен кызматташуу боюнча келишимге кол койду.

Президент Сооронбай Жээнбековдун 2018-жылдын июнь айында сапары учурунда жетишилген келишимди аткаруу боюнча  Президенттин алдындагы “Мурас” фондунун төрагасы Кыяс Молдокасымов 20-январдан 26-январга чейин Пекин шаарында болот.

Молдокасымов Кытайдын Тарыхый иликтөө институтунун директору  профессор Бу Сяньчунь менен жолукту. Анда кызматташуу боюнча келишимге эки тарап кол койду.

Андан тышкары тарыхчыбыз Коомдук илимдер академиясынын кызматкерлерине “Улуу Жибек жолундагы кыргыз-кытай тарыхый мамилеси” аттуу илимий баяндама жасаганын Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Сүрөт: Кытайдагы кол коюу учурундагы сүрөт Президенттин басма сөз кызматыныкы. Превью сүрөт-интернеттен алынды

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты