Ленинград блокадасына—75 жыл

Ленинград блокадасына—75 жыл

Бишкекте Ленинград блокадачыларына тургузулган эстелик.

Бул күндөрү Ленинград шаарын немецтик фашисттердин курчоосунан толук бошотуунун 75 жылдыгы белгиленип жатат. Ленинграддыктар 900 күн курчоодо калган убакта кыргызстандыктар жардам берип турганы митинг-реквиемде баса белгиленди.  

Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы сейил бакта Ленинград курчоосунун каармандарына арналган мемориалдык комплексте 25-январда митинг-реквием өттү.

Митинг-реквиемге  президентттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров, «Ленинград курчоосундагылардын кыргыз коому» акционердик коомунун төраайымы Ата мекендик согуш ардагери Анна Кутанова, Бишкек шаарынын тургундары, мектеп окуучулар катышты.

Ленинградды курчоодон  бошотуунун 75 жылдыгына байланыштуу Президент Сооронбай Жээнбековдун кайрылуусу менен катышуучуларды Досалы Эсеналиев тааныштырды.

—1942-жылы эки жумадан аз убакытта Ленинградга 48 вагон тамак-аш жана жылуулук жөнөтүлгөн. 1942-жылы Ленинград блокадасы учурунда Кыргызстан 16 миң ленинграддыктарды кабыл алган, анын ичинде 3,5 миң бала болгон.

Ал катаал жылдары республиканын көптөгөн жерлеринде медсанбат же интернат жайгашкан.  Блокадалык шаардан  жарадар болгондорду айыктырып жана өлүмдөн сактап калышкан. Элибиз эвакуацияланып келген ленинграддык балдарды өз балдарындай багып алышкан. Согуш аяктагандан кийин көбү кайра Мекенине кетишкен, бирок айрымдары бул жакта калышкан.

Бишкекте Лениградда курчоосунда калгандарга жана Кыргызстанга келген ленинграддык балдарды асырап алгандарга эстелик тургузулган,- деп айтылат мамлекет башчынын куттуктоосунда.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Сүрөт: Султан Досалиевдики.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты