ЖЭБде дагы көйгөй. Жылуулук, ысык суу берүү чектелди

ЖЭБде дагы көйгөй. Жылуулук, ысык суу берүү чектелдиБишкектеги Жылуулук электр борбору үчүн 26-январь кооптуу күн болуп калгандай. ЖЭБдин бир жеринде ушул күнү дагы көйгөй жаралып, шаар калкына жылуулук жана ысык суу берүү чектелди.

Ал эми 2018-жылдын 26-январында чоң көйгөй жаралып, бүтүндөй шаар жылуулуксуз калганы эсибизде. Азыр ЖЭБдин модернизациясына байланыштуу бир катар аткаминерлер айыпталып абакта отурат.

“Электр станциялары” ишканасы билдиргендей, бүгүн ЖЭБде мүчүлүштүктөн улам  ремонт иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу Бишкекте жылуулук берүү чектелди. ТЭЦтеги бул мүчүлүш аны модернизациялоо учурунда кетирилгендигин билдиришти. Ал жакта комиссия иштеп жатат.

Мүчүлүш чыккан жагын оңдоп-түзөш үчүн Бишкектин айрым жерлеринде жылуулук жана ысык суу берүү чектелди.  Жылуулук жана ысык суу берүү борбордун түштүк жагында чектелди. Жылуулук Батыш-1, Батыш-2 (шаардын борбордук бөлүгү, темир жолдун түндүк жагы) тарабында.

Оңдоп-түзөө жумуштары эртең менен башталды жана саат 21:00 чейин улантыларын “Электр станциялары” билдирип, калктан бул ыңгайсыздык үчүн кечирим сурады.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты