Мээрбек Мискенбаев бошотулду

Мээрбек Мискенбаев бошотулдуМээрбек Мискенбаевди 11 сааттан кийин бошотушту. 

Экс-депутат Мээрбек Мискенбаевди 11 сааттык сурактан кийин бошотушканын КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

«Адвокаттын айтуусунда Мээрбек Мискенбаев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын тергөө иш чарасында болду. Анда ал Амантур Жамгырчиев менен беттештирилди. Мискенбаевдин өзү азырынча байланышка чыга элек” деди партиянын өкүлү.

Мискенбаев менен кошо Жамгырчиев “Айкөл Ала — Тоо” коомдук фондуна социалдык колдоо боюнча каражаттар же тактап айтканда, муктаждарга деп берилчү 2 млн сомдук көмүрдүн дарек-дайыны боюнча кылмыш ишинде күбө катары сурак берген

Марийпа Алыйкулова аттуу жаран «Айкөл Ала тоо» коомдук фондуна бөлүнгөн 2 млн сомдук көмүрдүн чоо-жайына байланыштуу  2016-жылы кайрылганы себеп болгон.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты