Абадагы бешинчи эркиндик деген эмне?

Абадагы бешинчи эркиндик деген эмне?Өкмөт Кыргызстанга/Кыргызстандан эл аралык  учууну жүргүзүүнү каалаган бардык өлкөлөргө «абадагы бешинчи эркиндик» укугун ыйгаруу иштерин баштады.

25-январдагы Өкмөттүн жыйынында Өкмөт башчы  «Абаданы бешинчи эркиндиктин» маанисине токтолуп өттү.

«Абадагы бешинчи эркиндиктин» киргизилиши экономикага да, республиканын туристтик тармагын өнүктүрүүгө да оңу натыйжасын берет», — деди Премьер-министр.

Абадагы “бешинчи эркиндик укугу” деген эмне?

Кыргыз тарап авиа ташуулар рыногун бир тараптуу тартипте либералдаштыруу жолу менен Кыргызстанга/Кыргыэстандан эл аралык учууну аткарууну каалаган бардык өлкөлөргө «абадагы бешинчи эркиндик» укугун берүүгө ниеттенүүдө.

11-январда Президент Сооронбай Жээнбеков «Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койгон.

Айта кетсек,   бүгүнкү күндө Кыргызстан “абадагы биринчи эркиндиктен” “абадагы төртүнчү эркиндикке” чейин карманат. Биздеги аба мейкиндиги азыркы «төртүнчү эркиндикте». Бул:

1) учуу мүмкүндүгү;

2) аба кемесинин техникалык конуусу;

3) аба транспортуна май куюу;

4) макулдашкан мамлекеттер ортосунда авиа транспорттун учушун ишке ашыруу иштери аткарылат.

Ал эми абадагы бешинчи эркиндик эмне берет? Аба майданындагы бешинчи эркиндик:

1) Чет элдик аба кемелерине экинчи мамлекет аркылуу үчүнчүсүнө коммерциялык учуу боюнча аткаруу мүмкүндүгүн берет;

2) Абадагы бешинчи эркиндик укугун берүү башка мамлекеттер менен түз аба каттамдарын жөнгө салууга шарт түзөт. Бир катар себептерден улам Кыргыз Республикасынын мындай мүмкүндүгү болгон эмес.

Айта кетсек, бир гана Бишкек-Улан-Батор-Бишкек каттамынын абадагы бешинчи эркиндик укугу бар.

Түрк аба линияларынын каттамдарынын Стамбулдан Бишкек аркылуу Улан-Баторго учуусу «абадагы бешинчи эркиндик» укугун ишке ашыруу мисалы боло алат.

Көрсөтүлгөн документке өзгөртүүлөр жарандык авиацияны өнүктүрүү, жүргүнчүлүк жана жүк авиатранспорттук агымды көбөйтүү жана бир тараптуу «абадагы бешинчи эркиндик укугу» аркылуу Кыргыз Республикасынын жарандары жана чет элдик туристтер үчүн эл аралык авиа каттамдардын жана авиабилеттердин жеткиликтүүлүгүн арттыруу максатында киргизилген.

Коюлган максаттарга жетүү жана «абадагы бешинчи эркиндик» укугун киргизүү үчүн Өкмөт тарабынан азыртан бир катар чаралар көрүлүп жатат. Бул тууралуу КР Өкмөтүнун маалыматтык кызматы кабарлады.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты