Абылгазиев: “Калктын 70 пайызы айыл чарбада алектенет, туризмде он эсе аз”

Абылгазиев: “Калктын 70 пайызы айыл чарбада алектенет, туризмде он эсе аз”

Сулайман-Тоо.

Өкмөттүн бүгүн, 25-январда, өткөн жыйынында туризм маселеси да талкууланды. 

Мухаммедкалый Абылгазиев  бир катар туристтик объекттерди мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу өнүктүрүү зарыл деп билдирди.

«Биз жеке менчик түрүнө карабастан, туризм объекттерине өзгөчө көңүл бурууга тийишпиз. «Таш-Рабат», «Сулайман-Тоо», «Санташ», «Жыргалаң», «Ысык-Ата» сыяктуу маданий объектилерди жана башка мамлекеттик ден соолукту чыңдоочу комплекстерди мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында өнүктүрүү зарыл деп эсептейм» — деп белгиледи ал.

Айыл чарбасы ички дүн продукциясында 13-14%, туризм – 5% ды түзөт. Калктын 70% ы айыл чарбасы менен алектенсе, туризм тармагында 10 эсе аз экенин, бул жагына көңул буруу керектигин айтты.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты