Мээрбек Мискенбаевди неге суракка алып жатышат?
- 6 лет мурун
- Мультимедиа
Экс-депутат Мээрбек Мискенбаевди Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызмат суракка алып жаткандыгын басма сөз кызматы билдирди.
Мээрбек Мискенбаев менен кошо Амантур Жамгырчиев “Айкөл Ала — Тоо” коомдук фондуна социалдык колдоо боюнча каражаттар же тактап айтканда, муктаждарга деп берилчү 2 млн сомдук көмүрдүн дарек-дайыны боюнча кылмыш ишинде күбө катары сурак берип жатат.
Күбөдөн Мискенбаев айыпталуучу болуп калышы ажеп эместиги тууралуу сөз жүрүүдө. Себеби Марийпа Алыйкулова аттуу жаран «Айкөл Ала тоо» коомдук фонду 2 млн сомдук көмүр боюнча 2016-жылы эле кайрылган. Бирок кандайдыр себептер менен анын арызы боюнча иш токтоп калган.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!