Азамат Жаманкулов: “Цирк артисттеринин башын айландырып, багыттап жаткандар бар” (видео)

Азамат Жаманкулов: “Цирк артисттеринин башын айландырып, багыттап жаткандар бар” (видео)Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов цирктин директорлугуна Фархад Бекманбетовдун дайындалышы тууралуу жана анын талапкерлигин өзүн түртмөлөдү деген сөздөргө жооп кайтарып, фейсбук баракчасы аркылуу видео кайрылуу жасады.  

Видео кайрылууда мындай деп айтылат:

«Бир канча окуя тууралуу оюмду, пикиримди билдирип коюуну туура деп таптым.

Биринчи: Изибаев атындагы мамлекеттик цирктин директору кылып Фархад  Бекманбетовду шайладык.

Анын талапкерлигин шайлоонун себеби ал мыйзам талаптарына жооп берди. Башка талапкерлер толук кандуу жооп бере алган жок. Анын ишинин сапатын, иштеген жерлерин, долбоорлорун, бир канча мекемелерди башкарып келгендигин, маданият министринин орун басарлыгына чейин  жеткен тажрыйбасы бар адам катары тандап алдык. Ал үч ай, алты ай, бир жыл ичинде өзүн көрсөтөт. Биз ага ишенебиз. Бир жылдан кийин бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Экинчиси: шайлангандан кийин фейсбукта менин катышуум менен роликтер көрсөтулдү. Ал мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анткени буга чейинки тарыхты да айта кетейин.

Өтпөй калган талапкердин тарапкерлери мага бир нече жолу келип, “Эгер биздин талапкерди колдосоңуз, биз ыраазычылык билдиргенге , чоң-чоң белектерди бергенге же башка дагы көтөрмөлөгөнгө даярбыз” деп бир-эки жолу келишкен. Эгер колдобой турган болсоңуз, биз сизге маалыматтык согуш баштайбыз, сизди жамандаганга, ыплас бир нерселерге, ыплас иштерге аралаштырганга аракет жасайбыз деп өздөрү ушул жерден айтып кетишкен.

Мен ойлойм, эгер мындай кандидатура, эгер башында эле ушундай жол менен, ушундай ыкма менен келе турган болсо, анда цирктин келечеги ачык болмок эмес.

Мен дагы бир жолу айта кетишим керек, бул адамдар цирктин артисттери эмес,  цирктин артисттеринин да бүгүнкү күндө башын айлантып, жаман нерселерге жөнөтүп жаткан, багыттап жаткан адамдар.

Бул адамдар азыр туура эмес иштерди жасап жатат, мен бул иштин аягына чыкканга бардык аракетимди жумшайм. Сиздерден сураныч, жанагы роликтерге ишенбегиле, анын бардыгы калп.

Булар дагы бул ишти улантышы мүмкүн, бирок сиздер менен биргеликте биз акыйкаттыкты, ачыктыкты издешибиз керек.  Анткени бүгүнкү күндө кээ бир журналисттерди акча менен сатып алып, кээ биринде фейк-аккаунттарды ачып алып, бийликке келем деген адамдарга жол бере турган болсок, анда келечегибиз ушул адамдарга байланышып калышы мүмкүн.

Ошондуктан биз мындай адамдардан тазаланышыбыз абзел” деди Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов видео кайрылуусунда.

https://www.facebook.com/100000490078673/posts/2943925938967046/

Цирк артисттеринин 21- январдагы нааразылык акциясы тууралуу кененирээк материал шилтемеде:

Сүрөт: Интернеттен алынды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты