Жалал-Абаддагы салык кызматчылары коррупцияга шектелүүдө

Жалал-Абаддагы салык кызматчылары коррупцияга шектелүүдөЭкономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматтын кызматкерлери  КР Салык кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын райондук бөлүмүнүн жетекчилигинин жана кызматкерлеринин мыйзамсыз акча  алуу боюнча кезектеги коррупциялык схемасын аныктады.

Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга  каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү учурунда  Жалал-Абад  салык башкармалыгынын  райондук бөлүмүнүн начальниги «Э.Т.», тескөөчүлөрү «Б.Ч.» жана «Р.А.»  кызмат абалынан кыянат пайдаланып, жеке ишкер «А.Т.» деген жарандан акча опузалагандыгы аныкталды.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин   32 6-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча кылмыш иши козголду.

18-январда Жалал-Абад салык башкармалыгынын аталган кызматкерлери  эки транш менен (мурун биринчи транш 50 миң сом суммасында) тескөөчүлөрдүн биринин атына пара катары банк аркылуу которгон.

Андан кийин жеке ишкер «А.Т.» деген жарандан салыктык карызды азайтуу боюнча оң чечим чыгаруу үчүн «Мерседес-Бенц» маркасындагы машинасын талап кылган.

Анын негизинде тескөөчү “Б.Ч.” деген жарандын талабы боюнча, кысым көрсөтүп жана коркутканда, автоунаа анын жакын досуна катталган.

18-январда  Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган  Жалал-Абад облустук салык  башкармалыгынын кызматкерлерин бөгөт  чарасы каралганга чейин Бишкектеги  убактылуу жайга киргизишти.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты