ИИМ пара менен үч милиция кызматкерин кармады

ИИМ пара менен үч милиция кызматкерин кармадыИчки иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей,  ИИМ мурдагы жана азыркы үч милиция кызматкери пара алып жатканда кармады. 

ИИМ басма сөз кызматы билдиргендей, Башкы прокуратурага Бишкек шаарынын тургуну кайрылып,  милиция кызматкерлери өзүнө козголгон кылмыш ишин жабуу үчүн андан 3 миң доллар пара сурап жатканын билдирген.

21-январда пара доолагандарга Жазык кодексинин 326-беренеси, пара доолагандык боюнча кылмыш иши козголгон.

2,5  миң  доллар пара алып жаткан жеринен ИИМ тарабынан кармалган мурунку жана азыркы милиция кызматкерлери:

—Бишкек шаарынын криминалдык кызмат бөлүмүнүн кызматкери, 1988-жылы туулган Е.А.;

—ИИМдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын мурдагы кызматкери, 1982-жылы туулган Н.У., ага иштеген кезинде “кызматынан кыянат пайдалануу боюнча” айып тагылып, изделип жүргөн:

—Бишкектин Ленин районунун ИИБ мурдагы кызматкери, 1980-жылы туулган  Ж.Т. . Ал алдамчылык боюнча издөөдө болгон.

Бул кылмыш ишине тиешеси бар башка кызматкерлер да аныкталууда.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты