Новосибирск шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу түзүлдү

Россиянын Новосибирск шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу түзүлдү.

Бүгүн, 24-январда, Президент Сооронбай Жээнбеков бул жөнүндө жарлыкка кол койду.

Новосибирскдеги КР Башкы консулдук округу Россиянын Алтай Республикасынын, Алтай крайынын, Кемеров, Новосибирск, Омск жана Томск облустарынын аймактарын  камтыйт.

Новосибирск шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу түзүлдү

Новосибирск шаары.

Аталган аймактар Екатеринбургдагы КР Башкы консулдугунун консулдук округунан чыгарылды.  Башкы консулдуктун филиалы болгон  Новосибирск шаарындагы вице-консулдугу жабылды.

Новосибирскдеги КР Башкы консулдук округу Кыргызстандын Россиянын региондору менен ар тараптуу байланыштарын, экономикалык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле  Россиядагы жарандарыбызды консулдук тейлөө максатында түзүлдү.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Сүрөт: Интернеттен алынды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты