Өкмөт футболчуларга 2 млн сомдук сертификат берди

Өкмөт футболчуларга 2 млн сомдук сертификат берди

24-январда футболчуларды тосуп алууга Ала-Тоо аянтына чогулган эл.

Өкмөт башчы 2 млн сомдук сертификатты Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестининге тапшырды.

Мухаммедкалый Абылгазиев футболчулардын ийгилигин белгилеп, 2019-жылы Кыргызстан үчүн майрам, белек тартуулагандары үчүн ыраазылык билдирди.

Өкмөт башчы  2 млн сомдук сертификатты башкы машыктыруучу Александр Крестининге тапшырды.

“Ушундан баштап ар бир айыл, район, облус борборлорунда футбол талаасын курууну күчөтөбүз. 26 мектепте саорт залды салынды. Бизнесмендер айылдарда футбол талааларын салып жатат. Кыргыз футболунун арасынан Роналду, Месси, Рэшфорд, Лукаку чыгат деп ойлойбуз” деди.

Ал эми күйөрмандардын “Стадион!” деп кыйкырганына жооп иретинде  Өкмөт башчы “Мен стадион болот деп ойлойм. Жакында стадион боюнча чечим кабыл алынат” деп айтты.  

Мекенчил жарандарыбыз барда, спорттун бардык түрү, анын ичинде, футбол өнүгөт деди.

2013-жылы ФИФАнын рейтинги боюнча Кыргызстан 209 өлкөнүн ичинен 201-орунда болгонун, учурда 91-орунга чыктык деп белгиледи.

Футболчулардын Азия кубогунда ийгиликтүү ойногонуна күбө болгон күйөрмандар Ала-Тоо аянтына кызыл-тазыл желектер  менен келип, “Кыргызстан”, “Алга кыргыз, алга кыргыз эй!”  деп футболчуларды коштоп турушту.

Сүрөттөр:  Окмөттүн маалыматтык кызматы тарабынан берилди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты