Футболчулар жана машыктыруучулар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды

 

Футболчулар жана машыктыруучулар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын машыктыруучуларын жана оюнчуларын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлады

Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдагы футбол боюнча Азия кубогунда чоң жетишкендиктери, дене тарбиясын жана спортту өнүктүрүүгө, республиканын квалификациялуу спортсмендерин даярдоого кошкон зор салымы жана футболго чексиз берилгендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө Жарлыкка бүгүн, 24-январда, кол койду.

Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын президенти  Семетей Султанов «Даңк» медалы;

Футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Сергеевич Крестинин  «Данакер» ордени;

«Дордой» спорт клубунун президенти Аскар Салымбеков  III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланышты.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Азамат Байматов, Валерий Кашуба, Валерий Кичин, Виталий Люкс, Мирлан Мурзаев «Даңк» медалы менен сыйланышты.

Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курама командасынын врачы Нурбек Исмаиловго «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы» деген ардактуу наам ыйгарылды.

Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курама командасынын тактика боюнча машыктыруучусу Игорь Кудренкого  «Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам ыйгарылды.

Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Эдгар Бернхардт , Кайрат Жыргалбек уулу, Антон Землянухин, Ахлидин Исраилов, Павел  Матяш, Павел  Сидоренко, Азиз  Сыдыков, Дэниэл Тего Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланышты.

Команданын башка мүчөлөрү Одилжон Абдурахманов, Эржигит Акаев, Калысбек Акималиев, Айзар Акматов, Азамат Алыкулов, Асан уулу Айткожо, Муролимжон Ахмедов, Игорь Бабынин, Эрнист Батырканов, Дмитрий Гуреев, Закир  Джалилов, Бахтыяр Дүйшөбеков, Кутман Кадырбеков, Тамирлан Козубаев, Виктор Майер, Фаркат Мусабеков, Канат Ракишев,Турсунали  Рустамов,  Бекжан Сагынбаев, Владимир Сало,Талант Самсалиев, Павел Синегубов, Евгений Фролов, Николай Южанин, Мустафа Юсупов Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааттары менен сыйланышты.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты