Цирк директору болуп Фархад Бекманбетов келмей болду

Цирк директору болуп Фархад Бекманбетов келмей болдуА. Изибаев атындагы кыргыз мамлекеттик циркине Маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Фархад Бекманбетов келмей болду. Бул тууралуу цирк труппасынын жетекчиси Данияр Бөлөкбаев билдирди.

Буга чейин цирктин көпчүлүк артисттери гимнаст Аида Акматованы директорлукка көрсөтуп келишкен.

Алар министрлик тарабынан сунушталып жаткан Фархад Бекманбетовдун талапкерлигине нааразы болуп, 21-январда Ак үйдүн алдына каршылык акциясына да чыгышкан.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов артисттердин айткандарына кулак салбай, өздөрүнүн талапкеринен баш тартпады.    Ал эми цирк артисттеринин дээрлик көпчүлүгү кызматтан кетүү боюнча арыз жазышкан.

Фархад Бекманбетов артисттерди ийге келтиреби же саналуу артисттер менен калабы, азырынча белгисиз.

Сүрөт: Интернеттен.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты